• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

“Экспорт кербени” Кыргызстанды кыдырат

2013-08-29-11-07-15

👁 1,274

Кыргызстанда 8-ноябрдан 5-декабрга чейин «Экспорт кербени» өлкө аймагын кыдырат. Долбоор инвестицияны жана экспортту тездетүү мамлекеттин агенттиги тарабынан ишке ашырылат.

«Экспорт кербени 2» маалыматтык кампаниясы Финландия өкмөтүнүн колдоосу менен БУУнун өнүктүрүү программасынын «Соодага көмөктөшүү» долбоорунун жана Швейцария өкмөтү колдоого алган Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкынын «Чакан бизнес үчүн кеңеш берүү» деп аталган долбоорунун алкагында ишке ашырылат.

Экономика министринин орун басары Элдар Абакиров билдиргендей, маалымат өнөктүгүнүн максаты – сырткы рынокко чыга турган экспортерлорго беш багыт боюнча маалымат берүү болуп саналат. Эксперттер жер-жерлерге барып нарк түзүү, брэнд жаратуу, өнөктөштөр үчүн коммерциялык сунуштама жазуу, башка рынокторго чыгуу стратегиясын даярдоо, таңгак, белги коюу боюнча маалымат беришет.

“Экспорт кербени учурунда экспортко чыгууну көздөгөн ишкерлерге таңгактоо, белги коюу, кошумча нарк салыгынын кайтарылышы, сапат менеджменти, айтор беш багыт боюнча окутуулар болот”,-деди Абакиров.

“Экспорт кербени” быйыл экинчи ирет өткөнү турат. Кезектеги өнөктүктө эл аралык Panasonic компаниясынын консультанттары таңгактоо жана белги коюу боюнча өз тажйрыйбалары менен бөлүшөт.

Экономика министринин орун басары Элдар Абакиров белгилегендей, сырткы рынокко товарын чыгарууну көздөгөн ишкерлер көпчүлүк учурда айрым талаптарды аткарбайт.

Буга чейин Кыргызстандан Россияга, Казакстанга жеткирилип, бирок белгиси жок кайтарылган азык-түлүктөрдүн көп партиясы катталган.

Мындан улам адистер ишкерлерге экспорттоодогу негизги элементтерди үйрөтүү кербендин негизги максаттарынын бири деп эсептейт.

Экспортту өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Жалын Жээналиев Кыргызстандан экспорттолгон мөмө-жемиштердин кайра артка кайтарылгандыгын эске алганда долбоорду маанилүүлү жогору жана биринчи иретте белги коюу маселесине көңүл бурулат.

“Мөмө-жемиштердин артка кайтарылып жатканы ишкерлер үчун чоң сабак болушу керек. Алдыда боло турган “Экспорт кербенинин” актуалдуулугу да мына ушунда. Өнөктүрүүгө өзгөчө белги коюу маселесине көп көңүл бурулат. Алдыңкы тажрыйбалуу адистер өз тажрыйбасы менен бөлүшөт”,-деди Жалын Жээналиев.

Эгерде ишкерлер тарабынан бардык талаптарга жооп берген эреже сакталып, ошого карабастан артка кайтаруу учуру катталса, анда тиешелүү бийлик органы ишкерлердин укугун коргойт. Бирок маселе көпчүлүк сертификат берүү мекемелер ишкерлерден акча алып, текшербестен берип коюуда деп белгиледи Элдар Абакиров.

“Экспортерлорду сыртта коргоо боюнча айта турган болсом, эгерде артка кайтаруу же башка тоскоолдук жаратуу фактысы катталып, биримдиктин аймагында болсо, анда уюмдун алкагында ишкерлердин укугу корголушу керек. Мындан сырткары Кыргызстан Дүйнөлүк соода уюмуна мүчө. Ага жалпы 167 өлкө мүчө болуп кирет. Кыргызстандан кетип жаткан товарлар кандайдыр бир тоскоолдукка учурап жатса, уюмдун статьяларына туура келбестиги айтылып, сүйлөшүү болот. Кээде маселе чечилип калат, кээде соттук териштирүүгө чейин барып, кенемте төлөтүү маселеси коюлат. Мен бул эрежелерге баш ийем деген өлкөлөр кенемтени төлөп берет. Көбүнчө сүйлөшүу жолу менен чечилет”,-деди Элдар Абакиров.

Биринчи ирет өткоң “Экспорт кербени” 400гө жакын кишини камтыган. Анда негизинен сүт азыктары жана жеңил өнөр жай тармагынын өкүлдөрү катышкан.

Инвестицияны жана экспортту тездетүү мамлекеттик агенттигинин экспортту илгерилетүү бөлүм башчысы Нурлан Арипов өнөктүк учурунда ишкерлер менен малекеттин ортосунда тыгыз байланыш тузүлөт деп эсептейт.

“Бизге ишкерлер ортодогу кызыл кулактарды жок кылып, түздөн-түз сатып алуучуларды таап берүүнү суранууда. Алар тышкы соода боюнча тренддер кызыктуу болорун жана эл аралык деңгээлдеги көргөзмөлөргө катышууга кызыктар экендигин айтышты”,-деди Нурлан Арипов.

Белгилей кетсек, “Эскпорт кербенинин” өткөн жылы биринчи жолу 21-февралдан 14-мартка чейин болгон.

Бардык ишкерлер, өндүрүүчүлөр, экспортерлер “Экспорт кербенине” катышуу үчүн 0312 62 03 63 телефону аркылуу байланышып, катыша тургандыгын тастыкташы керек.

Бишкек шаары, Чүй, Ысык-Көл, Нарын, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында арыздарды кабыл алуу 2017-жылдын 10-ноябрына чейин жүрүзүлөт. Ошондой эле export.gov.kg@gmail.com электрондук дареги аркылуу да катталса болот.

Назгүл Бостонбаева

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости