Нурлан Сулаймановго козголгон кылмыш иши Октябрь райондук сотуна жиберилгенин Башкы прокуратура билдирди.
Мурдагы Транспорт жана коммуникациялар министри Нурлан Сулайманов кылмыш-жаза кодексинин 304- (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган) жана 306- (Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгына каршы мамлекеттик сатып алууларды жүргүзгөн, келишим түзгөн) беренелери боюнча айыпталган.
Тергөө учурунда аны табуу мүмкүн болгон эмес. Буга байланыштуу 2014-жылдын 22-апрелинде Октябрь райондук сотунун чечими менен Сулаймановго издөө жарыяланган. 2016-жылы ишти кароо Биринчи май райондук сотуна жиберилип, 22-апрель күнү иш мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу токтотулган. Ошондой эле 2016-жылдын 26-июлунда Нурлан Сулаймановго жарыяланган издөө алынып салынган. 2016-жылы 26-сентябрда Бишкек шаардык соту Сулаймановдун ишин токтотуу боюнча райондук соттун чечимин күчүндө калтырган.