30-майда Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы жөнүндө” мыйзам долбоору 1-окууда каралды.
КР Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы Бакыт Таиров сунушталган мыйзам долбоору боюнча баяндама жасады.
Анын айтымында, аталган мамлекеттик орган 25 жылдан бери иштеп келе жатат. Азыркы тапта 340 кызматкер,150 опер кызматкер, 84 тергөөчү бар. Бирок алардын ишин жөнгө салуучу мыйзам жок. Андыктан сунушталып жаткан мыйзам долбоору аталган органдын ишинин принциптерин аныктоо, эмгектик, укуктук абалды, социалдык кепилдикти жана кызматкерлерди коргонуу укуктук жөнгө салуу максатында иштелип чыккан.
Талкууда бир катар депутаттар бул орган 6 жыл мурун түзүлгөнүнө карабастан Өкмөттүн тиешелүү токтомунун негизиндеги жобо менен иштеп келе жаткандыгын айтып, сунушталган мыйзам долбоорун ыкчамдатып кабыл алуу зарылдыгын белгилешти.
Мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда айтылган сын-пикир, сунуштарды мыйзам долбоорун 2-окуудан кароого чейин эске алынмай болду.
Мыйзам долбоору 1-окууда добуш берүүгө жиберилди.