Кыргызстанда чийки нефтини ташып чыгууга тыюу салуу сунушталууда. Мындай сунушту Экономика министрлиги берди. Анын маалыматына ылайык, акыркы жылдары Тажикстанга жана Өзбекстанга нефтини экспорттоо көлөмдөрү жогорулаган. Ал эми Кыргызстанга керек болгон көлөм Россиядан келген импорттун эсебинен толукталууда.
Кыргызстанда нефтини иштетүүчү 4 завод иштейт. Чийки зат кору аз эле. Керек болгон көлөм 1,5 млн тонна нефтини түзсө, жыл сайын 130 миң тонна чийки зат алынат.
Нефтини кайра иштетүүчү заводдорунда чийки заттын жетишсиздигинен улам иш 50–70 пайыз гана жүрүп жатат. Мамлекеттик Бажы кызматынын маалыматына ылайык, 2016–2017-жылдары Тажикстанга 13 миң 361,6 тонна, Өзбекстанга 13,8 миң тонна нефти ташылып чыккан.
Ички рынокту коргоо жана ата мекендик нефтини кайра иштетүүчү ишканаларды колдоо максатында Экономика министрлиги чийки нефтини ташып чыгууга 6 айга (июнь-ноябрь) тыюу салууну жана Евразиялык экономикалык биримдиктин аймагында дагы дал ушундай тыюу салууну сунуштоодо.