Кыргызстандын экономикасы үчүн бул абдан маанилүү. Бажы кызматынын өкүлдөрү ар дайым өлкөнүн экономикалык кызыкчылыгын коргоп турат.
Ант берүү үчүн Бажы кызматына талапкерлер бир нече этаптан турган сынактан өтүшкөнүн, натыйжада тажрыйбалуулары тесттен ийгиликке жетишкенин белгилей кетпесек болбос.
Эми Бажы кызматы бажы тартибин бузгандар менен дагы жакшы күрөшүп, өлкө бюджетинин кирешесин толуктай берет деп ишеним артабыз.
ЭКОНОМИКАнын жалпы жамааты Мамлекеттик Бажы кызматын куттуктап, маанилүү иштерди аткарууда ийгилик каалайт.