Биринчи орунду алгандыгы үчүн Наргиза Өмүрбек кызы грамота жана ноутбук менен сыйланды.
Жогорку Кеңештин Аппаратынын Басма сөз кызматынын жетекчиси Ибрагим Нуракун уулунун айтымында, сынакка 30 ММК катышып, алардан 164 сынактын материалдары келип түшкөн.
Сынак төмөнкү номинациялар боюнча өткөрүлдү:
«Эң мыкты басма материал»;
«Эң мыкты радио материал»;
«Эң мыкты ТВ-материал»
«Эң мыкты интернет-басылма материал».
И. Нуракун улунун билдиришинче, калыстар тобунун мүчөлөрү: КРнын ЖКнен, DFID долбоорунун мүчөлөрү жана тажрыйбалуу журналисттер болду. Келип түшкөн материалдар ар тараптан каралып бааланды, ошондой эле көзөмөл ишмердүүлүгүнө туура келеби же жокпу деген да критерийлер эске алынды.