Кыргыз өкмөтү өткөн жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүнүн жыйынтыгын чыгарды.
Экономика министринин орун басары Артем Новиков берген расмий маалыматка караганда, 2017-жылдын жыйынтыгы боюнча ички дүң өнүмдүн көлөмү 493,3 млрд. сомду түзгөн. Экономиканын өсүшү 4,5 % болгон. Өлкөдө бардык тармактар тарабынан экономикалык өсүш камсыздалган, анын ичинде: айыл чарбада өсүү көлөмү – 2,2 %, курулушта – 7,1 %, тейлөө тармагындагы өсүш 2,1 % барабар болгон.
«Негизги өсүш өнөр жай секторунда орун алып, анда негизги металлдарды өндүрүүнүн жогорулоосу, металлургиялык рудаларды казуунун жогорку көрсөткүчү, электр энергиясын өндүрүүнүн, аны жеткирүү жана бөлүштүрүүнүн жогорулашы эсебинен 11,8 % реалдуу өсүү темпи орун алган», – деди министр Новиков.
Аны менен катар тышкы экономикалык ишмердүүлүктө да оң тенденциялар сакталган.
«Өткөн жылдын январь-декабрь айында экспорттун өсүш темпи (13,8% пайызды түзүп, импорттун өсүү темпинен 12 пайызга жогору болгон. Мында ЕАЭБ өкөлөрүнө экспорттоо 27% жогорулаган. Кыргызстан дүйнөлүк соода коомчулугунун 124 мамлекети менен соода-экономикалык байланыштарды, анын ичинде импорт боюнча – 118, экспорт боюнча – 85 байланышты ишке ашырган», – деди Артем Новиков.
Расмий маалыматтар боюнча өлкөнүн 2017-жылдын январь-ноябрь айындагы тышкы соода жүгүртүүсү 5 602,5 млн. АКШ долларын түзүп, 2016-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 10,9 % жогорулаган.
Евразиялык экономикалык биримдик мамлекеттери менен тышкы соода жүгүртүү 2 179,2 млн. АКШ доллары көлөмүндө болуп, 14,3% жогорулаган. Бул көрсөткүч республиканын жалпы товар жүгүртүү көлөмүндө 38,9 %ды түзгөн. Экспорт – 522,7 млн. АКШ долларын түзүп, 25,7 % өсүү болсо, импорт – 1 656,5 млн. АКШ долларын түзүп, 11,2 % өсүү байкалган.
КМШ мамлекеттери менен 2017-жылдын январь-ноябрь айындагы товар жүгүртүү көлөмү 17,5 % жогорулап, 2542,0 млн. АКШ долларын түзгөн. Анын ичинде экспорт – 687,1 млн. АКШ долларын түзүп, 23,1% өсүү болсо, импорт – 1854,9 млн. АКШ долларын түзүп, 15,5 % өсүү болгон.
Алыскы чет мамлекеттер менен соода жүгүртүү 3060,5 млн. АКШ долларын түзүп, өсүү 6,0 % болду. Анын ичинде экспорт – 854,2 млн. АКШ долларын түзүп, өсүү 5,6 % болсо, импорт 2206,3 мл. АКШ долларын түзүп, 6,2 % өсүүнү камсыздаган.
Аткаруу бийлигинин жетекчиси Сапар Исаков өткөн жылда экономикалык өсүш күтүлгөндөн да жогору болгонун белгилеп, Евразия экономикалык биримдигине кирген мамлекеттер арасында Кыргызстан өсүү боюнча биринчи экенин айтты.
Өкмөт башчы Сапар Исаков өткөн жылдагы жүз берген жакшы жыйынтык менен чектелбестен, алдыда калктын жашоо деңгээлин жогорулатуу, жаңы өндүрүштү ишке киргизүү, жумушчу орундарын түзүү, инвестиция тартуу, ошондой эле ЕАЭБде интеграцияны күчөтүү боюнча маселелер бар экенин эскертти.
«2018-жылга өкмөттүн негизги максаты экономикалык өсүүнүн оң динамикасын сактоо жана улуттук экономиканын атаандаштыкка жөндөмдүн жогорулатуу. Элдин экономикалык жыргалчылыгын, социалдык жетиштүүлүгүн, коопсуздук жана ылайыктуу шарттарды камсыздоо боюнча үч негизги багыттан турган “Жаны доорго – кырк кадам 2018−2023” программасын эффективдүү ишке ашыруу, ошондой эле санариптик трансформация боюнча жогорку технологиялык долбоорлорду илгерилетүү, программанын алкагында ачык жана таза мамлекетти куруу өкмөттүн алдындагы негизги максаттарынан болуп саналат», – деди Сапар Исаков.
Экономика илимдеринин доктору, талдоочу Жумакадыр Акенеевдин пикиринде, чыныда эле экономикалык өсүү болду, бирок күтүлгөн өсүү болгон жок.
«Кабыл алынган республикалык бюджет боюнча өсүү 6–10 пайыздын тегерегинде болду. Реалдуу өсүү 4–5 пайыздын тегерегинде болду. Себеби, өткөн жылдын күз айында эки айга жакын убакытка созулган кыргыз-казак чек арасындагы кырдаал таасир этти. Ошого карабай Кыргызстан ЕАЭБ өлкөлөрү арасында биринчи орунда турат. Чынында эле өсүү болду. Тилекке каршы биз күткөндөй өсүү болгон жок. Мына кошуна Өзбекстан менен мамиле жакшырып, биздин экономикага салымын кошуп жатат. Мен ойлойм накта өсүү быйыл болушу керек»,-деди талдоочу Акенеев.
Назгүл Бостонбаева