Алар оригиналдуу жана практика жүзүндө колдонулган сунуштарды сунушташууда. Алардын бири “Экосистемалык кызматтарга болгон төлөм”.
Бул инновациялык курал (ПЭУ) жергиликтүү калк менен иштешүүгө багытталып, токой жана жайыттарды пайдаланууну жакшыртуу менен суунун сапатын жогорулатуу болуп саналат. Суунун башатында жана этек жагында жашагандар бар. Төмөн жакта жашагандар суу башатындагыларга каражат төлөшөт. Алар жогорку жакта жашагандар сууну кирдетпеши үчүн акча төлөшөт. Ошентип сууну колдонуучу эки топтун ортосунда экономикалык мамиле түзүлөт. Албетте, суу таза бойдон сакталат.
“ПЭУ 2 натыйжа берет: экологиялык көйгөйдү чечүүгө жардам берет жана ошол эле убакта жакырчылык көрсөткүчүн төмөндөтөт. ПЭУ Кыргызстан үчүн жаңы нерсе болсо, айрым өлкөлөрдү, мисалы Вьетнамда бул кадимки көрүнүш”,-дейт эксперт Бакыт Сатыбеков.
Суунун булганышына адамдардын дагы таасири чоң экени белгилүү болгон. Тургундар айылга жакын жерлерге мал кайтарып, топурак эрозияга туш боло баштаган. Убакыттын өтүшү менен ал топурактар упуранып Чоң-Ак-Суу суусуна кошула баштаган. Натыйжада өсүмдүктөргө, токойго зыян келген.
Мындай көрүнүш жылдан жылга кайталанып келет! Эмне кылуу керек? Эгерде абал ушул бойдон кала берсе экосистема толугу менен бузулушу ыктымал. Токойлордун бузулушу, суунун булганышы калкты жакырчылыкка түртөт.
“Тилекке каршы, учурда көпчүлүгү ушундай ойлонот. Алар өз иши үчүн жоопкерчиликтүү экенин көп түшүнө беришпейт. Мамлекетке шылтап отура бербей жаратылыш маселелерин жергиликтүү деңгээлде чечүүгө убакыт келди”,-деди Бакыт Сатыбеков.
Дал ушул жерден жардамга ПЭУ келет. Бул механизм экокызматтарды сатуучулар жана сатып алуучулар ортосундагы байланышты түзүп, алар бири-бири менен кантип кызматташа аларын көрсөтөт.
Экосистема суу, токой, жайлоо болгону боюнча мисал келтире кетели:
Бул жерде кызыкдар тараптар:.
Токой чарбасын башкаруучу мамлекеттик орган жана суу башында турган чабандар. Алар кызматтарын сатышат: сугат кызматтары+ таза суу менен камсыз кылуу кызматы + туристтердин рекреация кызматы. Алар бул экосистемалык кызматтары үчүн акча төлөшү керек. Ошондой эле бул кызматтардын сапатын жакшыртышат: био ар түрдүүлүктү сактоо, жол салуу, жерлердин тазалыгын сактоо, суунун тазалыгын сактоо, токойлорду кайтаруу ж.б.
Суунун төмөн жагында жайгашкан суу колдонуучулар: сугат суусун колдонгон дыйкандар + калк жана жергиликтүү бийлик, + туристтик компаниялар.
ПЭУнун иштөө механизми:
А + Б келишим түзүшөт. Анда жайыт колдонуучулары кайсы милдеттерди аткарышы керектиги жазылат. Башкача айтканда, жайылган малдын саны көрсөтүлгөн сандан көп болбошу керек жана ага бөлүнгөн жерде гана малдары оттошу зарыл.
Келишимде жаратылыш ресурстарын колдонуудагы төлөмдөр дагы жазылат. Мисалы, суу колдонуучулар – кошумча акы төлөшөт (чатыр, боз үй тиккендер, козу карын чогулткандар, сугат сууну колдонгондор, мал жайгандар баары төлөшөт). Төлөм колдонулган жердин аянтынан жана кайтарылган малдын санынан көз каранды болот. Бул сүйлөшүүлөр аркылуу чечилет.
“Байыртадан эле адамдар жаратылыштын маанисин терең түшүнүшкөн. Шамал дан сапырууга жардам берсе, аарылар чаңдаштырууга, суу айдоо аянттарын сугарууга көмөкчү болчу. Бирок азыр убакыт башка, жаратылыш өзү калыбына келет деген туура эмес. Төлөмдөрдү акчалай эмес эмгек менен ишке ашырса болот. Мисалы төмөн жакта жашагандар дарактардын көчөттөрүн алып барышып, отургузушат жана аны багышат. Бул дароо бир нече маселени чечмек экологиялык, экономикалык жана социалдык”,-дейт эколог Анна Кириленко.
Адам өз эмгеги менен бир нерсе жасаса аны баалайт. Эгер ал даракты өзү отургузса аны сугарып, коргоп турат. Ошентип, жергиликтүү калк дарактарга, бадалдарга аяр мамиле кылып башташат.
Учурда дары чөптөрдү чогулткандар да жок эмес, андан сырткары козу карын, мөмө үчүн тоого келгендердин саны да көп. Адамдардын пайдасына иштеп жатканы менен жаратылыш зыян тартууда. Ошондуктан адамдар жаратылышка төлөп беришибиз керек.
Дагы бир пикир.
Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик департаменти өкүлү Венера Сураппаеванын айтымында, суу ресурстарын эффективдүү колдонуу боюнча мында практика Кыргызстан боюнча колдонулса болот. Мисалы, ошол эле Ысык-Көл облусунда жайыттар көп зыянга учуроодо. Ошондой эле пансионат жана эс алуучу жайлардын иши дагы көлдөгү суунун абалына терс таасирин тийгизип келет.
“Григорьевка жана Темировканын эстафетасын “Каракол” жаратылыш багы кабыл алды. Биз бул ыкманы башка аймактарда да жайылтууну көздөп жатабыз. Эң бакшысы кызыкдар тараптар болушу керек”,-дейт адис.
Ирина Байрамукова