• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Экологиялык модернизация

image001-1

👁 2,691

Акыркы мезгилдеги Кыргызстандын тренди бир гана – “жашыл” экономика эмес. Бул термин жакынкы эки жылдан бери эле колдонууга кирди.Бирок ал тууралуу 1990-жылдары эле кеп козголгон. Ал кезде социалдык компонентте – “коомдук чыгымдар”, “адам капиталы” деген түшүнүктөр пайда боло элек болчу, бирок…

90-жылдарда коомдук күчтүү экономикалык багытынын талапкерлери өсүп бараткан.

Тең салмактуулукту табуу

Керектөөлөргө канааттануу өткөн кылымдын аягына чейин өнүгүүнүн негизги кыймылдаткыч күчү болгон. Ага жетишүү үчүн чыгымдарга жана жетишилген натыйжага так анализ жүргүзүлүп турчу. Натыйжада: экономика айлана-чөйрөгө көңүл бурулбастан өсүп отурду.

Туруктуу өнүгүү тууралуу сөз болгондо, адистер кайыгы жок да балыкчы болмок беле деген жүйөөнү келтирип, экономикалык чаралардын тескери таасирин азайтуу зарылдыгын айтышат. Кеткен чыгым жана пайдалуу натыйжа, пайда жана киреше табуунун анализи менен алмаштырылды.

Чабал жана күчтүү, туруктуу өнүгүү карама-каршы тараптарда турат. Биринчи вариантта, көңүл чордонунда экономикалык өнүгүү турса, экинчисинде –экологиялык аспект турат. Практикада бул эки стратегия тең аралаш колдонулат. Ошентип, экономика айлана –чөйрөгө тескери таасир этүүнү төмөндөтүү зарылдыгын белгилеп, технологияга басым жасоону, мисалы, электрстанцияларында фильтрлерди колдонууну айтып жатат.

Таасирди төмөндөтүү

Экономикалык өсүүнүн артынан түшүүдө, бааны аныктоодо экологиялык чыгымдар эч кандай мааниге деле ээ эмес. Баада өндүрүш чыгымдары гана чагылдырылат. Анын натыйжасында көпчүлүк продукциялардын чыныгы баасы жана өндүрүштүк чыгымдар аныкталбайт.

Бирок бүгүнкү күндө маселе, менеджерлердин ишке болгон мамилесин кайра карап чыгууну талап кылууда. Менеджер айтылгандарга негизденип, ишкананын өнүгүш стратегиясын кура алат? Өнүгүүнүн чабалдыгына жана кубаттуулугуна карабастан, ар бир стратегия төмөнкү жети принципке туура келиши керек:
  1. Интерагенерациялык калыстык – бир муундун чегинде бардыгы бирдей мүмкүнчүлүккө ээ;

  1. Интергенерациялык калыстык – ар түрдүү муун ортосунда дискриминация болбошу керек;

  1. Биримдик жана интеграция: туруктуу өнүгүүнүн бир дагы чен өлчөмүнө (социалдык, экологиялык, экономикалык) артыкчылык берилбейт. Анын ордуна маселени ар тараптан карап, интеграциялык чечимди издөө керек.

  1. Глобалдык жана локалдык аракеттерди айкалыштыруу;

  1. Катышуу жана жоопкерчилик: бардык катышуучуларды жана тартылгандарды кызыктыруу.

  1. Превентивдик узак мөөнөттүү багыт алуу: экономикалык ишмердүүлүктө зыяндуу таасирлерди кыскартуу;

  1. Ченемдик мүнөзү. Туруктуу өнүгүүнүн борборунда – этикалык моралдык жана аракетти аныктоочу принциби туруш керек.

Өнүгүү чексиз эмес. Бүгүнкү күндө экономика кеңири канат жайып өспөйт (ресрустардын чектелүүлүгүнө байланыштуу), бир гана өнүгөт.

Өнүгүү – бул энергияны жана ресурстарды керектөөгө караганда маанилүү.

Жогорку айтылган пункттарга ылайык менеджмент жөнөкөй жана эң эле тез ишин жөндөп кете аалат. Бирок потенциал дагы эле бардай сезиле берет. Көптөгөн компаниялар дагы да болсо энергия жана ресурстарды керектөө, бөлүп чыгаруу, агын суулар жана таштандылар өңдүү “классикалык темаларга” басым жасашат.

Бул аспектилерге көңүл буруу албетте түшүнүктүү. Бир жагынан бул тема, кызыкдар адамдардын талаптарынан кийин келип чыгат, экинчи жагынан техникалык аспектилерди оңой эле өлчөп койсо болот. Эң негизгиси бул жааттардагы жакшыруу экономикалык каражаттарга байланыштуу.

Бирок көнүмүш адаттардан улам ишкананын туруктуу өнүгүшү инновациялык жана конкуренттик жагынан артта кала баштайт. Аны ишке ашыруу үчүн принциптерден кайтууга туура келет. Бул башында кыйын болушу мүмкүн, бирок узак мөөнөттүү келечекте ишке жарайт.

Кеңири ойлонуу

Жалпысынан өнүгүү стратегиясы адамга жана экономикалык ишмердүүлүккө таянып, анын материалдык жана энергетикалык агымдары жаратылыш менен шайкеш келиши керек. Логика жөнөкөй эле: жаратылыштан канча карагай кесип алсам, ал табигый түрдө кайра өсүп чыккандай болсун, мен ошондо токойду калыбына келтирүү чыгымын тартпайм дегендей эле.

Эффективдүү стратегия жогорку инновацияны сунуш кылат. Анын максаты — ресурстук бакыбаттуулукту жогорулатуу. Беш эсе кирешени он эсеге чыгарса болот. Муну Эрнст Ульрих фон Вайцзеккер (Ernst Ulrich von Weizsäcker) 430 баракта эсептеп чыккан. Менеджер көп каражат жоготкондун ортосунда кайра бардыгын эсептеп чыгышы керек.

Өнүгүү стратегиясы адатта тез өтөт жана бери болгондо кыска мөөнөттүк тобокелчилик болушу ыктымал. Кирешени, чыгашаны беш-он эсе жабуусу бул компания жана экологияны ойлогон керектөөчүлөр үчүн да кызыктуу.

«Слоу-фуд» багыт берет

Бул стратегиянын негизинде аз, көп болот жана жашоо сапаты экономикалык өнүгүүдөн жогору турат деген ой жатат. Бул принципти негизинен өкмөттүк эмес уюмдар карманышат. Көптөгөн долбоорлор бул жагынан ийгиликтүү чыгууда, мисалы, “шаарларды кайра жаңыртуу” жана «слоуфуд».

Туруктуу өнүгүү концепциясынын тегерегинде көптөгөн позициялар жана жолдор, рычагдар жашайт. Алардын ичинен кайсынысы белгилүү бир учурга керектүүлүгүн аныктоо жөндөмдүүлүгү чоң пайда алып келет, аны менеджер өнүктүрүшү керек.

Слоуфуд (англ. slow – «жай» и food – «тамак-аш») — тез тамактанууга каршы кыймыл, Италияда 1986 –жылы пайда болгон жана дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүнө тараган. Азыр бардыгын камтыган жай кыймылдын бөлүгүнө кирет. “Слоуфуддун” өзөгүндө фасфудга окшобогон коомдук тамак-аш жайын түзүү жатат жана ден-соолукка пайдалуу тамактануу, ошондой эле улуттук жана региондук ашкананын өзгөчөлүктөрүн камтып, салттык тамак-ашты колдойт.

Бул долбоордун бирден бир өзгөчөлүгү — «Даамдын кемеси” деп аталып жок болуп кетүүчү тамак-аштын түрлөрүнө басым жасайт[1]. СлоуфудSlow Food уникалдуу, жоголуп бараткан тамак-ашты таап, анын кайра жаралышын жана аны дүйнөлүк рынокко алып чыгууну көздөйт.

Кыргызстан, экологиясы таза, “жашыл” экономикасы бар өлкө катары Орто Азияда бул багытты өнүктүргөн биринчи аянтча боло алат. Борбор шаарда слоуфуд принциби боюнча иш алып барган «ECODEMIA» сыяктуу атайын маркеттер пайда боло баштады.

Кыргызстанда экологияга зыян келтирген өнөр жай сектору жок. Бул принциптерге таянуу менен тамак-аш тармагына инвесторду тартуу аныгында ата-мекендик продукцияларды эл аралык рынокко алып чыгууга мүмкүндүк берет.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости