Иш-чараны өткөрүү маселелери боюнча өткөн жылдан бери иш алып барып жаткан жумушчу тобунун жетекчиси, Жогорку Кеңештин Аппарат башчысынын орун басары Тажимамат Шаболотов жасалып жаткан иштер тууралуу баяндама жасады.
ЕККУ Парламенттик Ассамблеясы парламенттик байланыштар үчүн маанилүү аянт катары кызмат кылат жана шайлоолорго байкоо салуу менен эл аралык кызматташтыкты чыңдоо, анын ичинде саясий чөйрөдөгү жана коопсуздук, экономика, айлана чөйрө, адам укугу тармактарындагы милдеттемелердин аткарылышы боюнча өнөктүктөрдү жетектейт.