• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Эки жылдын ичинде камсыздандыруу ирээтинде 171 жаранга 18 млн 576 миң 679 сом төлөндү

6

👁 871

Жогорку Кеңештин “Парламент” радиосунда депутаттар Абдывахап Нурбаев, Музафар Исаков, Каныбек Иманалиев, Эльвира Сурабалдиева жана Жанар Акаев демилгелеп жаткан «Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндөгү» мыйзамдын өзгөртүүлөрү талкууланды. Түз эфирде угармандардын суроолоруна Жогорку Кенештин депутаты Абдывахап Нурбаев, Мамлекеттик милдетуу камсыздандыруу уюмунун төрайымы Жумагүл Эгембердиева жана Камсыздандыруу компаниялар ассоциациясынын президенти Сабырбек Молдокулов жооп берди.

Сунушталган мыйзам долбоорунун негизги максаты — менчиктин формасына карабастан, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык түзүлүп иштеп жаткан баардык камсыздандыруу уюмдарына камсыздандырууну ишке ашыруу укугун берүү болуп саналат. Депутат Абдывахап Нурбаевдин айтымында, аталган мыйзам долбоору атаандаштыкка чоң өбөлгө түзөт.

«Баары бир милдеттүү камсыздандырууга өтүүгө мезгил жетти», — деди эл өкүлү.

Ал эми Мамлекеттик милдеттүү камсыздандыруу уюмунун төрайымы Жумагүл Эгембердиева учурда коомчулук арасында милдеттүү камсыздандыруу боюнча түшүндүрүү иштери улантылып жатканын белгилеп, жарандардын турак жайларды салууда аны каттатпай коюшу бир топ түйшүктөрдү жаратып жатканына токтолду.

«Бүгүнкү күндө 90 327 объектилерге биз жооп беребиз. Эки жылдын ичинде эле 171 жаранга 18 млн 576 миң 679 сом төлөндү. Ал эми Чоң — Алай жергесинде жабыр тарткан жарандарга 7 млн сом бөлүнгөн. Ушул жылдын беш айда 88 жаранга жардам көрсөтүлдү. Анын 82си шамалдан, алтоосу өрт кырсыгынан жабыркагандар. Шаардагы жеке жарандар турак — жайын камсыздандыруу үчүн 1200 сом, элет жергесиндегилер 600 сомду төлөшөт», — дейт Мамлекеттик милдеттүү камсыздандыруу уюмунун жетекчиси.

Камсыздандыруу ассоциациясынын президенти Сабырбек Молдокулов жеке камсыздандыруу компанияларынын өнүгүү тенденциясына токтолуп, бүгүн Кыргызстанда 19 камсыздандыруу компаниясы бар экенин тастыктап, алардын ишмердүүлүгүн өлкөнүн тийиштүү органдары көзөмөлгө алып, жоопкерчиликтери мыйзам чегинде кучөтүлөт, — деп белгиледи.

Сунушталып жаткан мыйзам долбоору парламенттин 2018-жылдын 7-июндагы жыйынында биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.
Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости