Бөлүнгөн акча каражаттарынын ичинен:
- социалдык коргоого жумшалган чыгашалардын салыштырма салмагы 28,2 %ды (былтыркыга салыштырмалуу 580 млн сомго көбөйүү менен 4 млрд 885,2 млн сомду) түздү;
- билим берүүгө сарпталган чыгашалардын салыштырма салмагы 13,8 %ды (былтыркыга салыштырмалуу 334,8 млн сомго азаюу менен 2 млрд 389,6 млн сомду) түздү;
- саламаттык сактоого жумшалган чыгашалардын салыштырма салмагы 9,5 %ды (былтыркыга салыштырмалуу 349,4 млн сомго көбөйүү менен 1 млрд 636,1 млн сомду) түздү;
- эс алууга, маданиятка жана динге сарпталган чыгашалардын салыштырма салмагы 2 %ды (былтыркыга салыштырмалуу 123,5 млн сомго көбөйүү менен 338,5 млн сомду) түздү;
- жалпы багыттагы мамлекеттик кызматка бөлүнгөн чыгашалардын салыштырма салмагы (мамлекеттик карыздын негизги суммаларын кошкондо) 24 %ды (былтыркыга салыштырмалуу 11,8 млн сомго азаюу менен 4 млрд 154,5 млн сомду) түздү;
- турак жай-коммуналдык чарбага жумшалган чыгымдардын салыштырма салмагы 3 %ды (өткөн жылдагыга салыштырмалуу 47,6 млн сомго азаюу менен 514,7 млн сомду) түздү.