Ош – Баткен – Исфана жолунун 123-чакырымын сол жагына кеңейтүү маселеси чечилбей келет.
Кадамжай шаарынын мэриясы жер тилкесин бөлүп берсе бул маселе чечилмекчи.
Ош – Баткен — Исфана унаа жолунун 108, 123, 125 жана 126-чакырымындагы коркунучтуу бурулуштардын жол коопсуздугун изилдөө максатында Транспорт жана жол министрлигинен, жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрүнөн жана ИИМдин патрулдук милициясынан турган комиссия түзүлгөн. Алар 2017-жылдын 21-февралында аталган жерлерге барып, жол кыймылынын коопсуздугу боюнча иш-чаралар планын иштеп чыгышкан.
Бул иш-чаралар планына ылайык, “Кыргыздортранспроект” институтуна 4 участок боюнча техникалык тапшырмаларды иштеп чыгуу тапшырмасы берилген.
“Кыргыздортранспроект” 2017-жылдын 27-мартында Ош- Баткен — Исфана жолунун 23 чакырымы боюнча темир-бетондон турган тирөөчү дубал куруу боюнча жана унаалардын ылдамдыгын жайлатуу үчүн атайын тоскоолдуктарды, авариялык абал болгондо унааны буруу үчүн жайды куруу боюнча чиймелерди даярдаган.
121-чакырымда +800 метр жолго оор жүк ташуучу унаалар үчүн айланма жол салынган. Ош – Баткен – Исфана жолунун 122-чакырымынын эки тарабынан блок посттор орнотулган. Ал жерде патрулдук милиция кызматкерлери иштеп, унаалардын кыймылын көзөмөлдөп турат.
Унаалардын кыймылын жакшыртуу үчүн 5 участокто 24 жол белгилери коюлган. 123-чакырымга 3 жол чырак орнотуу үчүн Ош шаарынын атайын уюмдары менен сүйлөшүү жүрүүдө. Ал үчүн 500 000 сом түшкөн. Бирок Ош – Баткен — Исфана жолунун 123-чакырымынын сол жагынан жолду кеңейтүү үчүн Кадамжай мэриясы тарабынан жол бөлүнбөй жатат. Бирок жолду куруу муну менен эле токтоп калбайт. Стратегиялык жолдорду куруу жана калыбына келтирүү иштери жүрүүдө. 28-мартта Транспорт министрлиги Бишкек — Кара-Балта жолун куруу үчүн келишимге кол койгон.
Келишимдин баасы 70 млн доллардан ашуун каражатты түзөт.
Келишим боюнча ChinaRailway #5 EngineeringGroupCo., LTD» компаниясы «Транспорттук коридор-3 ЦАРЭС (Бишкек-Ош жолу) Бишкек – Кара-Балта бөлүгүн оңдоо” долбоорунун алкагында куруу иштерин жүргүзөт.
Келишимге ылайык, жол 4 жылдын ичинде бүткөрүлүшү керек. Жакынкы күндөрү курулуш иштери башталат.
Бул долбоорду ишке ашыруу үчүн Азия өнүктүрүү банкы 100 млн доллар бөлгөн. Анын 65 млн доллары насыя болсо, 35 млн доллары грант.
Жолду куруудан сырткары эл жашаган аймактарда тротуарлар курулуп, жолду жээктеп кеткен ирригациялык система жакшыртылат. Ошондой эле жер үстүндөгү жана астындагы өтмөктөр курулат.
Мындан сырткары долбоордун алкагында жол кыймылынын коопсуздугу боюнча кампания жүргүзүлөт. Ошондой эле каржылоонун жаңы ыкмаларын колдонуу менен жолдорду жакшы абалда сактоону жакшыртуу боюнча пилоттук долбоор ишке ашат.