Анын айтымында, Кыргызстанда салык мыйзамы боюнча бир топ реформалар өткөрүлгөнү менен эч кандай натыйжа жо болуп келет.
КРнын премьер-министринин кеңешчиси Мамбеталиева учурда салык тармагында адилетсиздик өкүм сүрүп жатканын дагы айтты. “Ак иштегендер өтө көп салык төлөшөт. «Технодом» жылына 40 млн сом төлөп жатса, башка ушуга окшогон ишканалар 2 млн сом эле төлөйт. Салык төлөмдөрү боюнча айырмачылык асман менен жердей. Биз салыкты чогултууда жаңы ыкмаларды киргизгиле дебей элебиз. Биз жаңы салыктарды киргизген жокпуз. Биз теңдик принцибин киргизгибиз келет”,-деди Т.Мамбеталиева.
Ошондой эле Мамбеталиева учурда «Технодом» кыргыз рыногунан кетүүнү маселесин карап жатканын кошумчалады. “Биз реформалардын натыйжасын сезген жокпуз”,-деди ал.