• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

ЕЭК менен Пенсиялык жана социалдык фонддордун эл аралык ассоциациясынын кызматташуусу эмне берет?

99

👁 843

Евразиялык экономикалык комиссия менен Пенсиялык жана социалдык фонддордун эл аралык ассоциациясынын ортосундагы иштеп жаткандарды пенсиялык жана социалдык камсыздоо тууралуу кызматташуу боюнча Меморандуму эл аралык практикада эң мыкты кызматташуу болуп калды.

Документке ЕЭКтин экономика жана каржы саясаты боюнча Коллегия мүчөсү (министр) Тимур Жаксылыков жана Пенсиялык жана социалдык фонддордун эл аралык ассоциациясынын төрагасы, Казакстандын “Социалдык камсыздандыруучу мамлекеттик фонд” акционердик коомунун президенти Сауле Дюсенова кол койду.

Кол коюу иш-чарасы 20-февралда Бишкекте ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдө эмгектенип жаткан мүчө мамлекеттердин жарандарын пенсия менен камсыз кылууга арналган тегерек столдун алкагында болду.

ЕЭК министри Тимур Жаксылыков кол коюлган меморандумун маанилүү экенин билдирди. “Бул өтө маанилүү документ. Ал социалдык жана пенсиялык камсыздоо алкагында биздин уюмдардын мамилесинин жакшыруусуна жана сапаттуу деңгээлде кызмат көрсөтүүсүнө шарт түзөт”,-деди ал.

Өз кезегинде Пенсиялык жана социалдык фонддордун эл аралык ассоциациясынын төрагасы, Казакстандын “Социалдык камсыздандыруучу мамлекеттик фонд” акционердик коомунун президенти Сауле Дюсенова иштеп жаткан мезгил учурунда ассоциация өлкөлөр ортосундагы интеграциялык байланыштын алкагында жарандарды социалдык камсыздоо жагынан бир топ тажрыйбага ээ болгонун белгиледи. “Биздин тажрыйба ЕАЭБ өлкөлөрүнө бирдиктүү эмгек ресурстарын өнүктүрүүдө кереги тиет деп ишенем”,-деди ал.

Ассоциациянын өкүлдөрү ЕАЭБде иштеген жарандарды пенсия менен камсыз кылуу механизмдерин иштеп чыгууда активдүү катышууда.

Иш-чарага ЕЭКтин, Пенсиялык жана социалдык фонддордун эл аралык ассоциациясынын өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын өкмөт мүчөлөрү жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары катышышты.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости