Евразиялык экономикалык комиссия (ЕЭК) жана Евразия өнүктүрүү банкы 2018-жылга карата программасын бекитти. Ал өнөр-жай кооперациясы тармагында кызматташууну жана Биримдикке кирген өлкөлөрдүн интеграциялык потенциалын ишке ашырууну көздөйт.
Документке Евразиялык экономикалык комиссиясынын өнөр жай министри Сергей Сидорский жана Евразия өнүктүрүү банкынын жетекчиси Андрей Бельянинов кол койду.
“Жол картасы” ишканаларга системалык колдоо көрсөтүүгө багытталган, ошондой эле Биримдикке кирген өлкөлөрдүн мамлекеттик программаларына банкты киргизүү каралган. Бул өнөр-жайдын, агроөнөр-жай комплексин өнүктүрүүгө жол ачат. Программа үч багытка бөлүнгөн: Өнөр-жайдагы кооперациялык долбоорлорду өнүктүрүүдө Евразия банкы тарабынан каржылоону көбөйтүү шарттары, кооперациялык долбоорлорду кароо жана атайын жумушчу топтун ишине көмөктөшүү.