Кыска мөөнөт болгону менен жыйынтык чыгарса болот. Окурмандардын эсине сала кетсек, өлкөнүн бул программага кирүүчү – ЕБга экспорттолгон товарлар гана жеңилдиктерге ээ болот. Бирок ЕБ өлкөлөрүнө экспорттоо үчүн эн башкы тоскоолдук сапат системасындагы талаптардын катуулугу.
Европада болгондордун баары кызматтардын сапатына гана эмес, товарлардын бардык түрлөрүнүн сапатынын жакшы экенине суктанып келишет. Мындай сапат европалык жашоонун тарыхы менен байланыштуу. Европа рыногун багындыруу үчүн тандоонун, текшерүүлөрдүн, мониторингдин жана маркетингди бардык тепкичтеринен өтүү зарыл.
2016-жылы Евробиримдикке товарларды «ВСП+» схемасы менен экспорттоо 53%га көбөйүп, 68 млн долларды түзгөн. Бул тууралуу февраль айында эле Европа биримдигинин өкүлү, элчи Чезаре Де Монтис маалымат жыйынында билдирген. Анын айтымында, «ВСП+» — бул Кыргызстан ЕБга бажы салыгысыз 6,2 миң товар түрүн бир тараптуу экспорттоочу система.
«ВСП+» статусу Европалык биримдикке Кыргызстандан экспорттолуучу көпчүлүк товарларды камтыйт. Бул башка өлкөлөр менен болгон мамиледе Кыргызстанга пайда алып келет. Мындай статуска болгону 15 мамлекет ээ. Бул чектелген элиталык клуб, ал жакка кирүү үчүн 27 эл аралык конвенцияны сактоо зарыл. Кыргызстан бул клубга кабыл алынды”,-деди элчи.
Бул тууралуу экономист Жумакадыр Акенеев “Кргызстан-Армения: экономикалык өнөктөштүк жана перспектива” телекөпүрөдө мындай деген.
Андан ары эксперт Кыргызстандын ЕАЭБге кирүүсү тууралуу пикирин билдирди.
Жалпылап айтканда Акенеев «ВСП+» статусу тууралуу так маалыматтарды берди. Башкача айтканда, Кыргызстан бул программадан пайда таба алган жок, ал эми мурун эле ЕБда сатылган товарлар бул «ВСП+» статусунун жардамы эмес.
Сатистика – бул алдоонун бир түрү, көпчүлүк учурда атайылап жасалбаган болот. Ошондуктан ЕБга кыргыз товарларын экспорттоодогу сандар боюнча аткаминерлерди күнөөлөбөй деле койсок болот. Кептин баары Кыргыз товарларынын сезонго байланыштуу көбөйгөн ЕБдагы товарларында, алар болсо Европа рыногуна жол ачып берет эмеспи.
Аны менен катар эле 2014-жылы Орусия тарабынан санкциялар киргизилгенден кийин европалык айыл-чарба өндүрүүчүлөр кайрадан иштетилип чыккан өнүмдөрүн сатууда кыйынчылыктарга тушукту. Ошондуктан кыргыз айыл-чарба өндүрүүчүлөрү дагы көпкө чейин европа рыногу тууралуу ойлонбой эле койсо болот.
Европадагы армян диаспорасы мекендештерине бул жагынан колдоо көрсөткөн. Бирок көптөгөн ветеринардык жана санитардык текшерүүлөр бул процессти ондогон жылдарга создуктурду. «НАССП», « Global GAP”, “Packed for” жана башка ЕЮ стандарттары армян дыйкандарына тааныш эмес болчу жана алар бул тармакта билим алуу үчүн бир топ тренингдерге, курстарга барышкан. 2000-жылдардын ортосунда гана алар ЕБга алгачкы тоңдурулган жемиштерин жиберишкен.
Ошондуктан эксперт Акенеев Кытайдан алынып келген эт Кыргызстандыкынан начар болгондуктан европалыктар биздин гана этти алышы керектиги тууралуу айтканы жаңылыштык.
Балким ал чынында эле жакшы. Бирок кытайлыктар таңгактоо стандарттарын үйрөнүп алышып, малдардын тоютуна көп каражат коротпостон таңгактоо ваакум жабдууларына көп акча сарпташкан. Ошондуктан алардын “жакшы эмес” эти “жакшы” таңгакталган жана европалыктар тарабынан сатылып алынууда.
Мындан болгону бир гана бирок маанилүү нерсени алсак болот. ЕБнын стандарттары жана талаптарына ылайык болуу үчүн дыйкандар үчүн тренингдерди өткөрүү зарыл. Мындай билимге ээ болуу менен биз дүйнөнүн башка рынокторуна дагы чыга алабыз.