Ошону менен бирге, 2017-жылы билим берүү системасынын төмөндөгү негизги багыттары боюнча республикалык бюджеттен 2 млрд. 337 млн. сом суммасында каржылоо жүргүзүлдү, анын ичинен:
- 172,1 млн. сом – мектептик жана мектепке чейинки билим берүү инфраструктураларын жакшыртуу үчүн (дем берүүчү гранттар);
- 2 млрд. 38,0 млн. сом – мектептерди жана бала бакчаларды курууга;
- 87,7 млн. сом – китептерди басып чыгарууга;
- 31,4 млн. сом – техникалык жабдууга (компьютерлер, интерактивдүү доскалар);
- 7,8 млн. сом – эмеректерге;
- ж.б. чыгымдарга.
Эске сала кетсек, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналагынын эсебине 2017-жылдын 30-декабрында Европа Биримдигинин бюджеттик колдоосунун алкагында 10 млн. евро өлчөмүндө ЕБнын гранттык каражаттары келип түшкөн.