АЭБдин ичиндеги жаңы мүмкүнчүлүктөр, эки жыл ичиндеги экономикалык жетишкендиктер менен кемчиликтер талкууга алынды. Мындан тышкары приоритеттүү тармактарга көңүл буруу керектиги баса белгиленди. Ошону менен бирге ЕАЭБ алкагында атаандаштыкка туруштук берүү үчүн экспорт-импорт маселелери да айтылды. Бул тууралуу ЕАЭБ координациялык башкармалыгынын башчысынын милдеттин аткаруучу Каныбек Касымаалы уулу билдирди. Анын айтуусунда, ар бир тармактын өкүлдөрү келип, өз маалыматтары менен бөлүштү. Мындай кадамдар өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун тапшырмасы менен ишке ашууда.
–2016-жылы премьер-министр Сооронбай Жээнбеков экономика министрлигине ар бир тармакка ЕАЭБ тууралуу үзгүлтүксүз маалымат берип тургула деген тапшырма берген. Ошонун алкагында баардык аймактарды кыдырып, жаңы мүмкүнчүлүктөр боюнча жыйындар, тегер үстөл, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Үстүбүздөгү жылдын 1–2-июнь күндөрү Ош жергесинде өткөрүлдү. Муну менен катар учурда санитардык, фито-санитардык, ветеринардык көзөмөл, фискалдык нормалар жана бажы саясаты боюнча маалымдоо ирээтинде жасалган ишчаралар жүрүүдө, - дейт Каныбек Касымаалы уулу.
Ал эми ЕАЭБнын талаптарынын калыптануусуна Азия өнүктүрүү Банкы маалыматтык-кеңеш боюнча жардам көрсөтүүдө.
–Кыргызстан ЕАЭБ кирген кийин өндүрүшчүлөр менен соодагерлердин көйгөйлөрү калкып чыгууда,- дейт Жүк ташуучулар жана логистикалык ассоциациясынын төрагасы Темирбек Шабданалиев. Шабданалиевдин пикиринде, жүк ташуучу жана логистикалык ассоциация болгондуктан транспорт маселесин жаратып жатат.
Кыргызстандагы ички чоң көйгөй айыл-чарба өнүмүндөгү көлөмдүн аздыгы. Анткени эң көп дегенде дыйкандар 30–80 тоннага чейин гана өндүрө алат. А орус, казак кардарлар ай сайын 100–200 тонна көлөмдө айыл-чарба продукциясын алып келгиле деген буйрутма берүүдө. Бирок мындай көлөмдү кыргыздар чогулта албай жатат. Ошондуктан логистикалык борборлорду куруу керек. Логистикалык борболор атайын кесиптешкен мекеме болуусу шарт. Дыйкандардагы өнүмдөрдү бир жерге чогултуп, сактоочу жайларга сактап, заман талабына ылайык таңгактап экспортко чыгаруу зарыл.
2017-жылдын август айынан баштап ишкерлер ХАСКга даярдыгы текшерилет. ХАСК – бул дүйнө жүзүндө чыккан продукциянын сапаты стандартка жооп берүүсү керек. Мындан эки жыл мурда ХАСКтын талабына жооп берүү үчүн убакыт берилген. Эки жыл унчукпай жатып, өкмөт, министрликтер эки ай калганда чуркап, аракет кыла баштады. Бир жыл мурда ишкерлерге, дыйкандарга түшүндүрүү иштери башталганда башкача жыйынтыкка ээ болмок. ЕАЭБ киргенден баштап чыныгы реформа башталды. Эми эл аралык стандарттын талаптарына жетүүгө аракет кылуу керек. Эгерде алардын талабына жооп бербесе, Кыргызстан Африканын бир мамлекетине окшоп калат.
Сооданы жогорулатуу үчүн 2014-жылы логистикалык борборлор тууралуу концепция өкмөттүн программасына киргизилген. Кыргызстандын баардык аймагына логистикалык борборлорду куруу керек.
Логистикалык борболорду курганга эл аралык уюмдардан “Жайка” Жапониянын агенствосу жардам берүүгө кол сунууда.
ЕАЭБге кирген эки жыл аралыгында көп өзгөрүүлөргө дуушар болуудабыз дейт Кемин районун акими Улан Карагулов. Акимдин айдуусунда, ишкерлер менен дыйкандарды биримдиктин мыйзамдары менен иштөөгө көндүрүү керек. Антпесе эконономикалык өсүү токтоп калат.
Ал эми Тоң районунун акиминин биринчи орун басары Тимур Алымбековдун пикиринде, кайсы продукцияны айдайбыз, каякка сатабыз деген маселелер дыйкандарды түйшөлтүүдө. Көлөмдү көбөйтүү, аны сактоо тууралуу жер-жерлерде түшүндүрүү иштерин жогорулатуу зарыл. Дыйкандар, жеке ишкерлер керектүү маалыматтар менен камсыз болсо, алар ишти андан ары өздөрү алып кетет.
Наргиза Өмүрбек кызы