• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

ЕАЭБге киргенден баштап Кыргызстанда чоң реформа башталды

korporatsiya-ayu-12

👁 706

ЕАЭБ соода бирикмесинин аймактарды өнүктүрүү, жаңы мүмкүнчүлүктөрү тууралуу Бишкекте, 2017-жылдын 8–9-июнь күндөрү жыйын болуп өттү. Аталган жыйынга өкмөт мүчөлөрү, акимдер, экономикалык эксперттер жана бизнес ассоциациялардын катышышты.

ЕАЭБдин ичиндеги жаңы мүмкүнчүлүктөр, эки жыл ичиндеги экономикалык жетишкендиктер менен кемчиликтер талкууга алынды. Мындан тышкары приоритеттүү тармактарга көңүл буруу керектиги баса белгиленди. Ошону менен бирге ЕАЭБ алкагында атаандаштыкка туруштук берүү үчүн экспорт-импорт маселелери да айтылды. Бул тууралуу ЕАЭБ координациялык башкармалыгынын башчысынын милдеттин аткаруучу Каныбек Касымаалы уулу билдирди. Анын айтуусунда, ар бир тармактын өкүлдөрү келип, өз маалыматтары менен бөлүштү. Мындай кадамдар өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун тапшырмасы менен ишке ашууда.

–2016-жылы премьер-министр Сооронбай Жээнбеков экономика министрлигине ар бир тармакка ЕАЭБ тууралуу үзгүлтүксүз маалымат берип тургула деген тапшырма берген. Ошонун алкагында баардык аймактарды кыдырып, жаңы мүмкүнчүлүктөр боюнча жыйындар, тегер үстөл, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Үстүбүздөгү жылдын 1–2-июнь күндөрү Ош жергесинде өткөрүлдү. Муну менен катар учурда санитардык, фито-санитардык, ветеринардык көзөмөл, фискалдык нормалар жана бажы саясаты боюнча маалымдоо ирээтинде жасалган ишчаралар жүрүүдө, - дейт Каныбек Касымаалы уулу.

Ал эми ЕАЭБнын талаптарынын калыптануусуна Азия өнүктүрүү Банкы маалыматтык-кеңеш боюнча жардам көрсөтүүдө.

Сооданын баасы жогорулоодо

–Кыргызстан ЕАЭБ кирген кийин өндүрүшчүлөр менен соодагерлердин көйгөйлөрү калкып чыгууда,- дейт Жүк ташуучулар жана логистикалык ассоциациясынын төрагасы Темирбек Шабданалиев. Шабданалиевдин пикиринде, жүк ташуучу жана логистикалык ассоциация болгондуктан транспорт маселесин жаратып жатат.

“Мисалы, Казакстан, Орусия менен эркин экономикалык байланыш болуп калганына карабай орустар жолдорго төлөмдөрдү ала баштады. Мындай иштер транспорттун чыгымдарын көбөйтүүдө. Кыргызстандын жүк ташуучу унаалары Москва же Белоруссияга товар жеткирип, кайра ал жактан башка продукцияны ала келсе унаанын чыгымы азыраак болот. Бош келсе кеткен чыгым жогору бойдон калат. Ошондуктан жүк ала келүү зарыл. Мурда Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстанга жүк алып келчүбүз. Азыр андай мүмкүнчүлүктөр жоголду. Себеби, казактар өзбектерди, тажиктерди үчүнчү тарап деп, биз алып келе жаткан товарларды өткөрбөй документ талап кылышууда. Ошол себептен тоскоолдуктун туу чокусуна жетип, сооданын баасы жогорулап жатат”.
Дыйкандар логистикалык борборлорго муктаж

Кыргызстандагы ички чоң көйгөй айыл-чарба өнүмүндөгү көлөмдүн аздыгы. Анткени эң көп дегенде дыйкандар 30–80 тоннага чейин гана өндүрө алат. А орус, казак кардарлар ай сайын 100–200 тонна көлөмдө айыл-чарба продукциясын алып келгиле деген буйрутма берүүдө. Бирок мындай көлөмдү кыргыздар чогулта албай жатат. Ошондуктан логистикалык борборлорду куруу керек. Логистикалык борболор атайын кесиптешкен мекеме болуусу шарт. Дыйкандардагы өнүмдөрдү бир жерге чогултуп, сактоочу жайларга сактап, заман талабына ылайык таңгактап экспортко чыгаруу зарыл.

“Логистикалык борборблорду ар бир аймакка тезирээк курууга жардам бергиле деген сунушту өкмөткө киргизели деп жатабыз. Эгерде жеке тармактарга пайызы азыраак насыя же салык кызматынан бир канча убакытка бошотуп койсо, логистикалык борборлор курулуп калат. Мындай кадамдар айыл-чарба продукцияларын саткан дыйкандарга жеңил болмок. Мурдагыдай эле көрүп, товарларды жүк ташуучу унааларга салып, Алма-Атага алып барсак картошка, алмабызды эч ким алган жок. Айла жок Алма-Атанын базарына барып 10 күндөн ашык турдук да 2–3 эсе арзан баада сатып келдик. Себеби, Казакстандын базары абдан өнүгүп, заман талабына ылайык талаптары жогорулап, бийик деңгээлге чыгып кеткен. Биз бийик деңгээлдеги талапка дал келбей, эң артта калдык. ЕАЭБге киргенибиз жакшы болду. Эгерде кирбей калсак, товарларды эч жакка чыгара албай калмакбыз. Биримдикке кирдик, айласыздан жаңы реформаларды түзүп, курулуштар курулууда. Мисалы, нан чыгарган цех мурдагы стандарт менен иштеп жаткан. Ал эми 2017-жылдын август айынан баштап, ЕАЭБдин талабы менен иштөө керек. Талапты аткарбаса, нанды сатууга укугу жок болот. ХАСК системасы болбосо, нанды дүкөнгө чыгарууга тыюу салынат”.

2017-жылдын август айынан баштап ишкерлер ХАСКга даярдыгы текшерилет. ХАСК – бул дүйнө жүзүндө чыккан продукциянын сапаты стандартка жооп берүүсү керек. Мындан эки жыл мурда ХАСКтын талабына жооп берүү үчүн убакыт берилген. Эки жыл унчукпай жатып, өкмөт, министрликтер эки ай калганда чуркап, аракет кыла баштады. Бир жыл мурда ишкерлерге, дыйкандарга түшүндүрүү иштери башталганда башкача жыйынтыкка ээ болмок. ЕАЭБ киргенден баштап чыныгы реформа башталды. Эми эл аралык стандарттын талаптарына жетүүгө аракет кылуу керек. Эгерде алардын талабына жооп бербесе, Кыргызстан Африканын бир мамлекетине окшоп калат.

Логистикалык борборлор ишке кирсе, дыйкандардын жашоо деңгээли өсөт

Сооданы жогорулатуу үчүн 2014-жылы логистикалык борборлор тууралуу концепция өкмөттүн программасына киргизилген. Кыргызстандын баардык аймагына логистикалык борборлорду куруу керек.

“Пилоттук долбоордун негизинде Кочкор районуна картошка, эт сатуу багытында логистикалык борбор кура баштадык. Жергиликтүү Кочкор районунун дыйкандарынын башын бириктирип кооператив түзөлү деген максат бар. Ал жакка чогулган картошканы сатып, кайрадан дыйкандарга бөлүнүп берилет. Ошондо дыйкандар түшкөн таза кирешени ортомчусуз өздөрү алат. Анткени ортомчулар дыйкандардан картошканын килограммын 5 сомдон алып, азыркы тапта Бишкекте 45 сомдун тегерегинде сатууда. Дыйкандар түйшүгүн тартып, пайдасын ортомчулар көрүп жатат. Логистикалык борборлор ишке кирсе дыйкандардын жашоо деңгээли өсөт”.

Логистикалык борболорду курганга эл аралык уюмдардан “Жайка” Жапониянын агенствосу жардам берүүгө кол сунууда.

“Жакын арада эле 20 дыйканды жана логистика курам дегендерди Жапониядан окутуп келди. Эми июнь айынын аягында жана октябрь айында дагы кыргыз дыйкандарды жапон дыйкандарынын кылган аракеттерин түздөн-түз көрсөтүп, тажрыйбалары менен бөлүшөт -деп билдирди Жүк ташуучулар жана логистикалык ассоциациясынын төрагасы Темирбек Шабданалиев.

ЕАЭБге кирген эки жыл аралыгында көп өзгөрүүлөргө дуушар болуудабыз дейт Кемин районун акими Улан Карагулов. Акимдин айдуусунда, ишкерлер менен дыйкандарды биримдиктин мыйзамдары менен иштөөгө көндүрүү керек. Антпесе эконономикалык өсүү токтоп калат.

Ал эми Тоң районунун акиминин биринчи орун басары Тимур Алымбековдун пикиринде, кайсы продукцияны айдайбыз, каякка сатабыз деген маселелер дыйкандарды түйшөлтүүдө. Көлөмдү көбөйтүү, аны сактоо тууралуу жер-жерлерде түшүндүрүү иштерин жогорулатуу зарыл. Дыйкандар, жеке ишкерлер керектүү маалыматтар менен камсыз болсо, алар ишти андан ары өздөрү алып кетет.

Наргиза Өмүрбек кызы

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости