Өз кезегинде Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) ички рыноктор, маалыматташтыруу жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча Коллегия мүчөсү (министр) Карине Минасян каржы рыногун интергациялоону жаңы санариптик тоскоолдуктардын пайда болуусунун алдын алуу үчүн инновациялык сегментте баштоо керек экенин билдирди.
Иш-чарага Биримдикке мүчө өлкөлөрдүн инновация тармагындагы эксперттер, бизнес өкүлдөрү, өнүктүрүү институттары, ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн жөнгө салуучу органдары катышышты.
Семинардын модератору Евразиялык экономикалык комиссиянын интеграция жана макроэкономика боюнча министри Татьяна Валовая болду. Жолугушууну ачып жатып ал криптовалюта деген эмне экенин азыр айта албастыгын билдирди. “Криптовалюта кандай өзгөрөт ал эмне экенин азырынча билбейбиз, бирок системалык жылыштар бар экенин байкап жатабыз. Эффективдүү интеграциялык биримдик болуш үчүн ЕАЭБ дүйнөлүк экономикада эмне болуп жатканына өтө тездик менен көңүл буруусу керек. Санарип күн тартиби биримдиктин ишинин маанилүү багыттарынын бири. Санариптештирүү – бул тар багыт эмес, ал экономиканын салттуу модели, ал ЕАЭБ өлкөлөрүнүн интеграциясынын өнүгүүсүнө жана туруктуу макроэкономикасына таасир берет”,-деди ЕЭК министри.
“Балким каржы рыногун интеграциялоону каржы рыногунун инновациялык сегментинен баштоо керектигин ойлонуу керектир. Биримдикке кирген мамлекеттерге Комиссия менен биргеликте төлөм платформаларынын пакетин киргизүү сунуштайбыз”,-деди ал.
Биримдикке кирген өлкөлөр блокчейн менен криптовалютаны жөнгө салуу тармагында жана эл аралык стандарттарды түзүүдө жалпы позицияны карманып туруусу керек.
Евразиялык өнүктүрүү банкынын (ЕАӨБ) башкы экономисти Ярослав Лисоволик. Макроэкономиканын көз карашы менен караганда криптовалютада коркунуч көп. Бирок коркунуч менен мүмкүнчүлүктөрдү салыштырып келгенде ага тыюу салуу эмес, аны жөнгө салуу максатка ылайык. Эң кызыктуу аспекттердин бири – криптовалюталар жана дедолларизация. Биринчиси экинчисине жардам бере алабы?
Анын айтымында, дүйнөлүк экономикада учурда эсептешүүчү жаңы каражаттарга жана жаңы резервдик валютага болгон суроо-талап өсүүдө.
“Ошондуктан криптовалюталар глобалдуу масштабда өсүүдө. Технологиялык көз караш менен карай турган болсок, криптовалюталар дедолларизациянын фактору боло албайт. Ал эми келечекке карасак мунун баары өзгөрүүсү мүмкүн, ошондуктан бул процесске катышуу зарыл”,-деди ал.