• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

ЕАЭБдин техникалык регламенти 3 этап менен ишке киргизилет

s-aral-3

👁 767

2017-жылдын 12-августунан тартып Кыргызстанда ЕАЭБдин 18 техникалык регламенти күчүнө кирет. Бул тууралуу Экономика министринин орун басары Эльдар Абакиров жана Экономика министрлигинин техникалык жөнгө салуу жана метрология бөлүмүнүн башчысы Султан Ахматов билдирди.

“ЕАЭБ рыногуна өнүмүн экспорттогон ата мекендик өндүрүшчүлөр ЕАЭБдин техникалык регламентине ылайык иштешүүдө. Бирок бул биздин ишкерлер жана мамлекеттик органдар иштебей отуруп калышы керек дегендик эмес. Биздин алдыбызда чоң тапшырма турат жана биз республиканын аймагында Бажы союзунун техникалык регламентине толук кандуу кирүү боюнча бардык чараларды көрүшүбүз керек”,-деди Э. Абакиров.

Күчүнө кирчү техникалык регламенттердин арасында – тамак-аш, жеңил өнөр-жай жана эмеректер кирет.

Өзгөчө көңүлдү азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылган техникалык регламентке буруу керек.

Биринчиден күчүнө кирчү Бажы союзунун техникалык регламентинин улуттук мыйзамга 96 шилтемеси бар. Бул жерде инфраструктурага жана сапатка өзгөчө маани берүү керек.
Учурда Кыргыз Республикасынын аймагында 5 техникалык регламентке ылайык сертификат берүүчү орган жок, буга тиешелүү лабораторияларын жоктугу таасир берип келет.

Алардын айрымдары боюнча базаны сыноо зарылчылыгы келип чыккандыктан Орусия, Казакстан берген гранттан жана мамлекеттик бюджеттен акча бөлүнгөн эмес. Буга байланыштуу лабораторияларды жабдуу иштерин тездетүү зарыл.

Үчүнчүдөн буга чейинки кемчиликтерди эске алуу менен маалыматтык-түшүндүрүү иштерине өзгөчө көңүл бөлүү керек. Бул тармакта биздин мамлекеттик органдар системалык түрдө ишкерлер менен иштеши керек.

Тактап айтсак, бул тамак-аш, маркировка, жеңил өнөр-жай өнүмүнүн кооптуулугун анализдөө зарыл. Ошондой эле ички рынокто керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоодо пайда болгон маселелер.

Кыргыз республикасы 2015-жылдын 12-августунан тата ЕАЭБдин толук кандуу мүчөсү болгон. Келишимге ылайык, ЕАЭБдин техникалык регламенти республика аймагында сөзсүз түрдө киргизилиши керек. Евразиялык экономикалык комиссиянын 2016-жылдын 26-январындагы чечими боюнча КРда Бажы союзунун техникалык регламентин киргизүү тартиби бекитилген.

Ага ылайык, КР аймагында Бажы союзунун техникалык регламентинин ишке ашуусун 3 этапка бөлсөк болот:

- I этап 12.02.2016-жылдан тарта Бажы союзунун 16 техникалык регламенти күчүнө кирген;

- I I этап 12.08.2017-жылдан тарта Бажы союзунун 18 техникалык регламенти күчүнө кирет;

- I I I этап 12.08.2019-жылдан тарта Бажы союзунун 1 техникалык регламенти күчүнө кирет.

Ар бир техникалык регламентте дал ушул регламенттин коопсузду боюнча талаптарга жооп берүү керек.

Учурда ЕАЭБДин бирдиктүү тизмесине сертификаттоо боюнча 11 орган жана 32 сыноо лабораториялары киргизилген.

Аны менен катар эле КР үчүн өтүү мезгилдери белгиленген. 2017-жылдан 12-августуна чейин берилген сертификаттар дагы эки жыл, башкача айтканда, 2019-жылдын 120августуна чейин күчүндө.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости