Айтымында, министрлик тарабынан кыргыз ишканаларынын Евразиялык экономикалык биримдик шарттарына ылайыкташуусу жана өтүүсү боюнча комплекстүү иштер жүргүзүлдү.
Жарандардын ишин жеңилдеткен шарттардын бири ишке орношуу тартибинин жеңилдетилиши, эмгек мигранттары үчүн социалдык шарттардын жакшыруусу болду. Муну акча которуулардын көрсөткүчү 18 пайызга жогорулаганы дагы айгинелеп турат.
4 өткөрүүчү пункттар: «Манас», «Ош», «Торугарт», «Эркеч-Там» жана 7 ветеринардык көзөмөл өткөрүүчү пункттары 2016-жылы жабдылган. Азыр болсо 8 өткөрүү пункттары боюнча иш жүрүүдө.
Кыргызстанда сертификация боюнча 9 орган жана 30 лаборатория аккредитациядан өтүп, ЕАЭБдин бирдиктүү тизмесине киргизилди. Алар эми Евробиримдиктин аймагында күчкө ээ болгон документтерди бере алышат.
2015-жылдан тарта кыргыз-орус өнүктүрүү фонду Кыргызстандын ишкерлерине насыя берип келет, бүгүнкү күнү берилген насыялардын көлөмү 3 млн долларды түзөт.
500 миллиондун ичинен жергиликтүү ишкерлердин 637 долбооруна 175и бөлүнгөн.
Евроаймактагы гана эмес Египет, Вьетнам, Иран, Сербия жана башка мамлекеттер менен эркин соодалашуу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө.
Коңшу Казакстан текшерүү пункттарын жабдуу үчүн 100 млн доллардык техникалык жардам бөлгөн.
Өткөн жылы эркин соодалашууну жеңилдетүүчү “Темир-жол транспорту” тууралуу мыйзам жана Бажы кодексине кол коюлду.
КРнын аймагына алынып кирилген жана жергиликтүү товарлар менен атаандаша турган импорттук товарларга салык төлөнөт.
Кыргызстан үчүн техникалык жөнгө салуу үчүн өткөөл мезгил үчүн убакыт берилген.
Азыр Кыргызстандын катышуусунун алкагында бирдиктүү өнөр-жай саясатын түзүү боюнча иштер жүрүүдө.
Акыркылардан болуп кабыл алынган “Темир-жол транспорту тууралуу” мыйзамдын негизинде КРнын азыктарын Казакстан аркылуу ташуу маселеси чечилди.
Эске сала кетсек, буга чейин Казакстан унаалар менен сүт азыктарын Казакстан аркылуу алып өтүүгө тыюу салган.