Былтыр декабрь айында Казакстандын президенти “Евразиялык биримдиктин Бажы кодексин ратификацияоо тууралуу келишим”, “Бажылык жөнгө салуу боюнча Казакстан Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” жана “Казакстанда бажылык жөнгө салуу” тууралуу кодекске кол койгон.
Казакстандын улуттук экономика министрлигинде бажы мыйзамынын негизги жаңычылдыгы бажыдагы бизнес процесстерди автоматташтыруу, электрондук декарациялоого өтүү, “брдиктүү терезе” механизминин иштөөсү, документтерди бажы кызматкери эмес, маалыматтык система аныктоосу экенин белгилешкен.
Казакстанда жаңы бажы мыйзамы транзиттик жана экспорттук потенциалды болушунча пайдаланууга мүмкүнчүлүк түзөт деп үмүттөнүшүүдө. Ошондой эле тышкы экономикалык иштерди жүргүзүүнү жеңилдетип, ата мекендик ишкерлерге колдоо көрсөтөт дешүүдө.