Казакстандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен болгон өз ара соодалашуусу 16,8%га кыскарып 13,6 млрд долларды түзгөн. Россия менен болгон соода ЕАЭБ өлкөлөрүнүн арасында 93%ды түзгөн. 2016-жыл ичинде Казакстан менен Россиянын товар айлануусу 12,6 млрд долларды түзүп, 2015-жылга салыштырмалуу 16%га кыскарган. Кыргызстан менен болгон товар айлануу 577 млн доллар (-18%), Беларусия менен 364,5 млн доллар (-33%) жана Армения менен 4,6 млн доллар (-34%) болгон.
Казакстандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен болгон экспорту 23%га азайып, 3,9 млрд долларды түздү. Металлдарды жана анжан жасалган буюмдарды экспорттоо 15%га жогорулап, 1,3 млрдга жетти. Минералдык заттарды экспорттоо 1,3 млрд доллар (-39%)болгон, химиялык өнөр-жайлык өнүмдү экспорттоо 681 млн (-35%), азык-түлүктү экспорттоо 423,6 млн доллар (-11%), унаа жана жабдууларды экспорттоо 182,5 млн доллар (-8%) болгон.
ЕАЭБ өлкөлөрүнөн Казакстанга болгон импорт 14%га кыскарып 9,6 млрд долларды түзгөн.
ЕАЭБДен Казакстанга болгон импорт тармагында минералдык заттар басымдуулук кылат (ЕАЭБден болгон импорттун 17 пайызын түзөт) жана унаалар жана жабдуулар (16%). Минералдык заттарды импорттоо 2015-жылдан тарта 2%га кыскарып, 1,6 млрд долларды түзгөн. Унааларды жана жабдууларды импорттоо 2 эсеге кыскарып, 1,5 млрд доллар болгон. Ал эми азык-түлүктү импорттоо 8%, металлды импорттоо 23%, химиялык өнөр-жай заттарын импорттоо 44% азайган.
Белгилей кетсек, Кыргызстандан импорт 10%га жогорулаган.
Россиядан келген импорт көбүнчө Алматыга болот — 3,1 млрд доллар жана Астана — 1,1 млрд доллар.
Кыргызстандан Чыгыш Казакстан облусуна болгон импорт 87,6 млн доллар, Беларусиядан Алматыга 103 млн доллар, Армениядан Алматыга 2,1 млн доллар.
Кыргызстандын соодадагы негизги өнөктөштөрү Кытай, Россия жана Казакстан.