Кыязы бул абал ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге деле таасирин тийгизүүдө. ЕАЭБ программаларды ишке ашырууда ийгиликтер болуп жатканын айтканы менен баардык эле мүчө мамлекеттер жаңы эрежени кабыл алууга даяр эместей. Мыйзам базасында жана техникалык мүнөздөгү мүчүлүштүктөр бар. Өлкөлөдүн жетекчилеринин “амбициялары” жана “каалоолору” экономикага катуу сокку болууда.
Учурда эксперттер мурда СССРдин курамына кирген мамлекеттер жеке сектордун потенциалы тиешелүү деңгээлде колдонулбай жатканын айтышууда. СССР кулаган соң айыл-чарба кооперативдери чачыраган, азыр Кыргызстанда кооператив кыймылдарын жандандырууга аракет кылышууда. Кыргызстандын экономикасы негизинен майда товарлардан түзүлгөндүктөн учурдун талабына жооп бербей келет. Ошондуктан өлкө ири көлөмдөгү өнүмдөрдү экспорттой албай келет. Учурда өлкө күчтүү атаандаштыкка туруштук берүү үчүн болгон аракетин жумшоодо.
Эртеби кечпи Кыргызстан өнүгүү жолуна түшөрү анык. Бул дүйнөлүк экономиканын өнугүүсүнө байланыштуу болот.
Өз үйүбүздө туруп алып баарынан биринчи койлорубузга, уйларыбызга паспорт бердик деп төш кагып жатабыз. Биздин бал эң жакшы, өнүмдөбүз экологиялык жактан таза деп кыйкырганыбыз кыйкырган. Бирок биздин үндөр чоң мамлекеттердин арасына сиңип кетип жаткандай.
Кызмат көрсөтүүнү жакшыртып туризм тармагын өнүктүрүүбүз зарыл. Коопсуздукту камсыз кылып, билим берүүну жакшыртуу керек. Мунун баары инвестиция тартууга чоң жардам берет. Балким дал ошондо Кыргызстан чоң оюнчуга айланмак. Элестетсеңиз, башка өлкөлөрдүн баары алып сатып жатса биздин мамлекет кызмат көрсөтүп жатканын, абдан сонун чечим болмок.
Найя Смогина