• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

ЕАЭБде санарип валюта пайда болобу?

dsc09155

👁 2,178

Санкт-Петербургда жакында эле Эл аралык экономикалык форум өттү. Анын жүрүшүндө РФнын президентинин кеңешчиси Сергей Глазьев Евразиялык экономикалык биримдик аймагында бирдиктүү санарип валюта киргизүүнү сунуштады. Анын айтымында, бул соода көлөмдөрүн көбөйтүп, ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн ичинде ири инвесторлорго насыя берүүнү жеңилдетет.

“Жакынкы убакта ЕАЭБдеги өлкөлөрдүн бири улуттук санарип валюта долбоору менен чыгат деген үмүттөбүз, ал электрондук накталай эмес жана накталай каражаттарды бириктирүү мүмкүнчүлүгүн түзөт”,-деди Сергей Глазьев.

Ал белгилегендей, каражат системасына санарип акчаларды киргизүү онлайн режиминде аларды көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк түзүлөт жана алардын максаттуу пайдаланылышына кепилдик болот, ЕАЭБдеги соода көлөмдөрү көбөйөт ири инвесторлорго насыя берүүнү жеңилдетет.

Конкреттүү пландар жок

Сергей Глазьев азырынча санарип акчаларды чыгаруу боюнча конкреттүү пландар жок экенине карабастан бул маселе Евразия өнүктүрүү банкынын башчысы Андрей Бельянинов менен талкууланганын баса белгиледи.

Евразиялык экономикалык комиссиянын төрагасы Тигран Саркисян билдиргендей, ЕАЭБде экономиканын санарип трансформациясы тармагында интеграциялык долбоорлор ишке кире баштады.

Дүйнөлүк банктын эсебинде ЕАЭБдин санарип тартибин ишке ашыруу 2025-жылга чейин 8 млн жумуш орундарын түзүп, бизнес мындан 50 млрд доллар үнөмдөп калат.

Европа аймагы жана Борбордук Азия боюнча Дүйнөлүк банктын вице-президенти Сирил Мюллер улуттук деңгээлде санарип трансформациясын жасоого салыштырмалуу ЕАЭБдеги санарип тартибин ишке ашырууда дивиденддер бир топ жогору болорун белгиледи.

“Бир нече изилдөөлөр көрсөткөндөй, 2016-жылдагы ИДПнын болжол менен 15,5%ы санарип экономика менен байланышкан. Бул үлүш дайыма көбөйө бермекчи жана бир нече жылдан кийин ал 25%га жетет”,-деди Сирил Мюллер.

Тең салмактуулук табуу керек

Accentureнин башкаруучу директору, “Цифровая стратегия” эл аралык практикасынын жетекчиси Бруно Бертон ЕАЭБде ишеним менен жеке маалыматтардын кол тийбестиги ортосунда тең салмактуулукту табуу керектигин билдирди. Ал санарип экосистеманы түзүүдө чечим кабыл алууну тездетүү керек, ошондой эле глобалдуу платформалардан көз карандысыз болуу үчүн өзүнүн аймактык платформасын түзүү керек деген кеңеш берди. Ошондо гана ишеним жогору болот. “Өнөктөштүк байланыштарды башкаруу өтө зарыл, бул жагынан алганда силердин күн тартибиңер мыкты көрүнүп жатат. Дал ушул кызматташуу санарип күн тартибин тезирээк өнүктүрүүгө жол ачат”,-деди ал.

Казакстан “санга” ишенет

Астанада өткөн “Евразия жумалыгы” форумунун ачылышында сөз сүйлөгөн Казакстандын премьер-министри Бакытжан Сагинтаев ЕАЭБдин алкагында бирдиктүү санарип аймагы тууралуу өлкөнүн кызыкчылыктары боюнча айтып берди.

Ал белгилегендей, эл аралык эксперттердин баасына ылайык, санариптештирүү дүйнөлүк экономиканын ландшафтын өзгөртөт жана 2025-жылга карата ИДПнын үчтөн бир бөлүгүн камсыз кылат. Учурда ЕАЭБде бирдиктүү санариптик аймак долбоору активдүү өнүгүүдө, ал товарлардын жана кызматтардын, адамдардын жана капиталдын эркин айлануусун колдоого багытталган негизги элементтердин бири.

Экономиканы толук трансформациялоо

ЕАЭБдеги өлкөлөрдүн экономикасынын негизин эмгектин натыйжалуулугу түзөт. Бул маселени мүчө мамлекеттердин экономика тармактарын санариптештирүү менен чечсе болот.

Азырынча теория гана

Валюталык стратег TeleTrade Александр Егоров экономиканы санариптештирүү ар кандай форматта активдүү талкууланып жатканын билдирди.

РФнын премьер-министри Дмитрий Медведев дагы Душанбедеги ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын саммитинде экономиканы санариптештирүү приоритеттүү маселе экенин белгилеген болчу. Товарлар жана кызматтар үчүн бирдиктүү электрондук валюта менен төлөм жүргүзүү бүткүл процессти оптимизациялаштырат. “Мындай эсептөө бирдигинин киргизилиши инвестицияларды кеңейтет, бирок бул азырынча теория гана”,-деди аналитик.

Принципиалдуу кыйынчылыктарсыз

Александр Егоров ар бир мамлекеттин улуттук валютасы бар экенин эске алуу менен бирдиктүү санарип валютанын курсун улуттук валюталар менен шайкеш келтирүү зарыл экенин белгиледи.

“Дүйнөдөгү антидолларлык маанайды жана мамлекеттик резервдерди диверсификациялоо тенденциясын эске алуу менен бул ишти техникалык дагы„ мыйзамдык дагы жактан эртеби кечпи ишке ашыруубуз керек болот. Бул идея уланат деген ишеним бар”,-деди аналитик.

Анын айтымында, санарип валютаны киргизүү оорчулук жаратпаш керек, мисалы, «Мир» банк картасын бирдиктүү санарип валютага тууралап колдонсо болот.

Инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү

Бирдиктүү санарип валюта жогорку кооптуулуктагы долбоорлорго инвестиция салууга мүмкүнчүлүк бермек. Мисалы, бир өлкөнүн бай адамы каражатын банкка же курулуп жаткан батирге салбастан ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин биринде курула турчу көпүрөгө же каналга салмак. Же ICO телемедициналык долбоорго катышмак.

Бирдиктүү санарип валюта ЕАЭБ өлкөлөрүндө евронун аналогу болмок жана ири рынокту түзө алмак.

ЕАЭБ жетиле элек

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн бирдиктүү санарип валютасы биринчи кезекте бирдиктүү валюта, экинчи кезекте санарип валюта. Эксперттер коому ЕАЭБ бирдиктүү валютага жетиле электигин билдиришкен.

Бул үчүн экономикалык интеграция деңгээли жетишсиз деп санашат эксперттер, товарлардын айлануусунда көптөгөн тоскоолдуктар бар.

Интеграциялык биримдиктин катышуучуларынын акчалай-кредиттик, салык саясаттары өтө айырмаланып турат, ошондуктан бирдиктүү валюта тууралуу сөз кылуу эрте. “Санарип” деген сөздү кошуу бул абалда эч нерсени өзгөртпөйт.

Аскар МУМИНОВ

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости