Евразиялык экономикалык комиссия (ЕЭК) кеңеши товарларды маркировкалоо боюнча келишим долбоорду жактырды. Муну менен алар бажы чек арасындагы миллиарддаган долларлык контрафактты жана аткезчиликти токтотууну көздөшүүдө.
Өндүрүшчүлөр долбоорду конкреттүү эмес деп эсептешет. Рыноктун катышуучуларын маркировкаланган товарлардын коммерциялык маалыматтар катылган базалык маалыматтарын өз пайдасына колдонуу тобокелчиликтери тынчсыздандырууда.
ЕЭК Кеӊеши комиссияга мамлекеттерден түшкөн тапшырыктардын негизинде айрым товарларды маркировкалоо жөнүндө чечим кабыл алат. Тапшырыктар — “негизги керектөөчүлөр жана мындай товарды керектөөчүлөрдүн тобу” көрсөтүлгөн маркировка жасоонун зарылчылык анализин, маркировканын бизнес жүргүзүү шартына таасири жөнүндө маалымат (анын ичинде юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин болжолдуу чыгымы, товардык баасынын катышы жана идентификация каражаты) негиздемелерин жана күтүлгөн натыйжаларын талап кылат.
Ошондой эле технологиялык мүмкүнчүлүктөр жана мындай товарларга карата көзөмөлдөө системасынын болушу маанилүү. Идентификация каражаттарынын бирдиктүү реестрин түзүү сунушталууда. Маркировка жөнүндө чечим кеӊеш тарабынан расмий жарыялангандан 90 күндөн кийин күчүнө кирет, ал эми маркировкаланбаган товарларды айлантууга тыюу салынат. Киргизилген товарлар бажыга чейин маркировкаланат (аны биримдиктин аймагынан тышкары жүргүзсө да болот). Товарларды өндүрүүчүлөр дагы аларды транспорттоо жана сатууга чейин белгилешет.
Өлкөлөр биримдиктеги келишимден сырткары маркировакаланган товар тууралуу Комиссия кеңешине маалымат жеткирип туруулары керек. Эгерде бир нече өлкө бир эле топтогу товарларды маркировкалашса, алар анын айлануусун маалыматтык система аркылуу көзөмөлдөй алышат.
Келишимдеги дагы бир жаңылык – ЕАЭБдеги маркировкалоо чек арада талап кылынган документтердин ордун баса алат.
Эгерде товар маркировкаланган болсо анда аны улуттук жана биримдиктин деңгээлинде башка документтерден бошотуу керектигин Комиссия сунуштады.
Бажы биримдигине кирген өлкөлөрдө товарларды маркировкалоо боюнча бир нече улуттук система иштейт. Мисалы, Орусияда дарыларды маркировкалоо боюнча эксперимент жүрүүдө. Белорусия болсо азык-тулүктөрдү маркировкаласа, Армениянын дагы өз системасы бар. Кыргызстан болсо негизги басымды айыл-чарба өнүмдөрүнө жасап келет, учурда бир дагы өнүм маркировкаланган эмес жана ал колдонулабы жокпу али белгисиз. Себеби ал үчүн бир топ каражат керектелет жана бюджеттен каражат каралган эмес.
Өндүрүүчүлөр болсо жаңы товаларды маркировкалоо бизнеске чоң сокку болорун жана баанын жогорулоосуна алып келерин айтышкан.
ЭКОНОМИКА Эт ассоциациясынын өкүлдөрү бир топ чыгымга учураганы тууралуу материал даярдаган болчу.
Долбоордо так жазылбаган маалыматтар болгондуктан ага канча каражат кетерин жана кайсы өлкө кандай утушка ээ болорун аныктоо мүмкүн болгон жок. Бирок маркировка кылган тарапка жана бул тууралуу маалыматтарды сактагандарга пайда түшөрүн айтып кетиш керек. Ошондуктан маалымат базасын колдонуу коркунуч туудуруп келет. Бирок жалпылап айтканда рыноктун катышуучулары ЕЭК айрым товарларга маркировка киргизбегенине ыраазы болушкандай.