Өсүмдүк майын жана малдын майын, анын ичинде балык майын кайра иштетүүдө май кислоталарынын транс-изомерлери 2%дан ашпоосу керек. Мындай талап Бажы биримдигинин техникалык регламентинде жазылган жана ал 2018-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирди.
Бул норма маргариндерге, сүт майларын алмаштыруучуларга, суюк маргариндерге, каймак майларына, сары майларга тиешелүү. Буга чейин май кислоталарынын транс-изомерлери 8–20% болчу.
Бул талаптардын ЕАЭБдин аймагында 2018-жылдын 1-январына чейин жайылган майларга тиешеси жок.
Ошол эле маалда өнүмдөрдү маркировкалоо жана анын курамы тууралуу маалымат берүү боюнча талаптар өзгөртүүсүз калтырылды. Май кислотасынын, транс-изомерлердин өнүмдө канча пайызы бар экени ар бир майдын сыртында жана ташылып жаткандагы таңгакка жазылуусу шарт. Каймак май, маргаринден сырткары бул маалыматтар какао майында, кондитердик, кулинардык майларда, какао майын алмаштыруучуларда жазылышы зарыл.