ЕвроАзиялык кызматташтыктын Финансы-банк ассоциациясы (ЕАК ФБА) Евразиялык экономикалык комиссия (ЕЭК) менен биргеликте ЕАК ФБАнын экзамендик борборлорунун тармактарын түзүү боюнча иш алпарууда. Ал борборлор ЕАЭБге мүчө өлкөлөргө иштегени келген мигрант адистердин квалификациясына баа берет.
ЕвроАзиялык кызматташтыктын Финансы-банк ассоциациясынын мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунда ЕАЭБдин эмгек рынокторунун интеграция маселеси талкууланды.
ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин кызыкчылыгына ылайык миграциялык агымдардын оптимизациялоо үчүн баа берүү таасирдүү курал катары саналууда. Мындай пикирин ЕАК ФБАнын байкоочу кеңешинин төрагасы, ЕЭКтин экономика жана каржы саясаты боюнча Коллегия мүчөсү (министр) Тимур Жаксылыков билдирди. “HR-кызматтар боюнча эл аралык тармактар жана баа берүү уюмдары эмгек миграция агымдарын тейлөөдө эл аралык эмгек рыноктордун катышуучуларынын жана ЕАЭБдеги жумушчу күчтөрдүн компетенттүүлүгүн жогорулатат. Бул Биримдиктеги эмгек рыногунун сапатына оң таасирин тийгизет”,-деди ал.
Комиссиянын өкүлү 2017-жылы ЕЭКтин жардамы менен ЕАЭБдеги эмгек рыногун изилдөө боюнча биргелешкен жумушчу топ түзүлгөн. Эмгек миграциясы маселеси боюнча ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин компетенттүү түзүмдөрү менен иш алпаруу багыттары аныкталган.
2017-жылы ЕАК ФБАнын квалификацияларды баалоо борбору катталган жана Россиянын финансы рыногунун профессионалдык квалификациясы боюнча кеңешинин курамында бул борбордун тармактык түзүмдөрүн түзүү чечими кабыл алынган. Ошондой эле “Формайт билим берүү: Евразиялык экономикалык биримдиктин аймагында тармактык кызматташуу эл аралык илимий-практикалык конференциясы түзүлгөн”.
Мындан сырткары Еревандагы Россия-Армян (Славян) университетинде ЕАК ФБАнын Армениядагы экзамендик борбору ачылган. Бул тажрыйбаны биримдиктеги башка өлкөлөр менен бөлүшүү үчүн потенциалдуу контрагенттер менен жумушчу жолугушуулар өткөрүлдү.
ЕЭК ЕАК ФБА менен биргеликте 2018-жылы финансы рынокторун, анын ичинде биржа багытын өнүктүрүү, ЕАЭБдин аймагында коллективдик финансылык-инвестициялык фонддорду түзүү, бажы аудити механизмдерин инновациялык финансылык куралдардын негизинде иштерин улантууну пландоодо. Бул багыттарды тажрыйбалуу кызматкерлер менен камсыз кылуу менен Биримдиктеги жумуш берүүчүлөрдүн социалдык жана адамдык капиталы миграция тармагында интеграциялык процесстердин эффективдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүнчүлүк берет.
Маалымат үчүн:
Ассоциация 2013-жылдын 11-сентябрында Шанхай кызматташтык уюмунун катышуучу өлкөлөрүнүн Финансы-банк ассоциациясы катары катталган. 2016-жылдын 26-февралында аталышы ЕвроАзиялык кызматташтыктын Финансы-банк ассоциациясы (ЕАК ФБА) деп өзгөртүлгөн.
ЕАК ФБА уюштуруучулары Казакстан Республикасынын Банктар ассоциациясы, Россиянын Аймактык банктар ассоциациясы, Тажикстандын Банктар ассоциациясы, Казакстандын Финансисттер ассоциациясы, ШКУ Ишкер клубу, МКПП Финансы корпорациясы, КМШ Финансы-банк кеңеши болуп эсептелет.
ЕАК ФБА мүчөлөрү жана өнөктөштөрү болуп 40 ашык түзүмдөр эсептелет. анын ичинде, КМШнын, Азербайжандын, Казакстандын, Кыргызстандын, Россиянын, Тажикстандын, Борбордук жана Чыгыш Европанын финансы-банк ассоциациялары, Кытайдын, Казахстандын, Россиянын, Өзбекстандын, Словениянын, Румыниянын, БАЭнын банктары жана коммерциялык түзүмдөрү.
Ассоциациянын негизги максаты — банктар аралык коммуникацияларды түзүү, бизнес-долбоорлорду тандоо жана жүзөгө ашыруунун жүрүшүндө банктар аралык кызматташтыкты жөнгө салуу, инвестициялык долбоорлордун Евразиялык банкын түзүү жолу менен улуттук каржы рынокторунун катышуучуларынын — ШКУ, БРИКС, ЕАЭБ, ЕС өлкөлөрүндө Ассоциациянын мүчөлөрүнүн — натыйжалуу ишмердүүлүгү үчүн жагымдуу шарттарды уюштуруу болуп саналат. Ассоциациянын КЭРде, Сингапурда жана БАЭда, Болгарияда, Түштүк-Чыгыш Европада, Беларуста, Казакстанда, Франияда, Словенияда, Венгрияда, Малайзияда, Бангладеште, Шри-Ланкада, Иранда, Индияда Россиянын аймактарында, жалпы 14 өкүлчүлүктөрү бар.