“Биздин бажы постторго Беларусиядан же Казакстандан бажычылар келип кесиптештери менен иштесе, биздин бажчылар барып алар менен иштешсе эмнеси жаман? Бул көз карандысыздык принциптерин бузбайт, бул бажынын ишин ачык кылат”,-деди В. Путин журналисттер менен болгон маалымат жыйыны учурунда.
ЕАЭБде чечилбеген маселелер көп, алардын себеби жалпы нормадан четтеп кетүү. Орусиялык лидер бул маселе бара-бара иш пландарына ылайык чечилет.
ЕАЭБди түзүү мүчө мамлекеттердин мыкты жетишкендиктери экенин Орусиянын башчысы билдирди.
Ошондой эле ЕАЭБдин ичинде товар айлануу боюнча Беларусия мисалга алынды. Беларусиянын экспорту өлкө бюджетин толтурууга көмөктөшөт.
Ал эми Кыргызстанда азыр миллиарддар тууралуу айтуу эртелик кылат.