• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

ЕАЭБде асыл тукум мал чарбачылыгы боюнча координациялык кеңеш жана аналитикалык борборлор түзүлөт

zhivotnovodstvo-1

👁 1,152

ЕАЭБ мамлекеттеринин агрардык рыногун жөнгө салуу жана айыл чарбасын мамлекеттик колдоого алуу үчүн Евразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК) сунуштардын долбоорун иштеп чыкты.

Бул документ бул тармактын ишканаларына каржылык туруктуулукту, инвестицияга түрткү берүүнү, айыл аймактарынын жана айыл чарба продукцияларынын рыногунун туруктуу өнүгүүсүн камсыздайт.

Айыл чарба өндүрүүчүлөрүн малдын ылаңдары, зыянкечтер жана өсүмдүк ооруларынын таралышынан улам жоготууга кабылган учурда тобокелчиликтен камсыздандыруу тутумун жогорулатуу – эң маанилүү чаралардын бири.

ЕАЭБ мүчө-мамлекеттеринин айыл чарбасын мамлекеттик колдоого алуу боюнча сереп жактырылды. Документ мамлекеттик колдоонун көлөмүн, багыттарын жана механизмдерин талдоону, Биримдиктин өлкөлөрүндөгү айыл чарба жаатындагы улуттук салык саясатын салыштыруунун жыйынтыктарын жана эл аралык тажрыйбаны камтыйт.

Бул документке ылайык, 2017-жылы ЕАЭБ мамлекеттеринде айыл чарбасын колдоо түзүмү өзгөрүлдү. Ошону менен бирге эле, инвестициялык салымдар жана жеңилдетилген насыялар боюнча чыгашаларды толуктоого багытталган чыгашалардын жогорулашы байкалууда, зыянкечтер менен ооруларга каршы күрөшүү үчүн илимий изилдөөлөрдү каржылоонун бюджети кыскарган. Тармактык колдоонун эң көп субсидиялаган багыты катары сүт өндүрүү тармагы кала берүүдө.

Ошондой эле, ЕАЭБ алкагында Айыл чарба өнүмдөрүнө кампалык күбөлүктөрдү чыгаруу (берүү), жүгүртүү жана жокко чыгаруу эрежелери жөнүндө эл аралык келишимдин долбоору макулдашылды. Бул кампа күбөлүктөрүнүн ээлери үчүн каржылык ресурстардын жеткиликтүүлүгүн жана кампа инфратүзүмүн кеңейтүү максатында мүчө-мамлекеттер тарабынан чыгарылган кампа күбөлүктөрүн өз ара таанууну, ошондой эле, экономикалык коньюктуранын пайдасын колдонуу жана айыл чарба өнүмдөрүн насыя каражаттарын алуу үчүн күрөө катары кароо мүмкүнчүлүгүн камсыздайт.

Рыноктун субъектилери Биримдиктин мамлекеттеринде жайгашкан кампа инфратүзүмү, сактоо кампаларынын аталышы, түрү, көлөмү, жеткиликтүү сактоо көлөмү жана жайгашкан орду тууралуу маалыматтарды биле алышат.

Биримдиктеги асыл тукум мал чарбачылыгы жаатындагы маселелерге талдоо жүргүзүлгөн жана жактырылган. Эми мүчө-мамлекеттердин биргелешкен ишмердүүлүгү, селекциялык-асылдандыруу ишин жүргүзүүдө эт жана сүт багытындагы мал чарбачылыгын өнүктүрүү үчүн абдан маанилүү болгон геномдук селекциялык тандоо жүргүзүү менен алдыңкы тажрыйбаны жана инновациялык технологияны ишке киргизүүгө негизделет.

Ошондой эле, Евразиялык координациялык кеңешин жана мүчө-мамлекеттердин учурда иштеп жаткан мекемелеринин базасында асыл тукум мал чарбачылыгы боюнча аналитикалык борборлорду түзүү каралууда.

Евразиялык координациялык кеңеш асыл тукум ишин өнүктүрүүнүн жалпы стратегиясы боюнча сунуштарды иштеп чыгат, мүчө-мамлекеттердин асыл тукум мал чарбачылыгы жаатында иш алып барган уюмдарынын ишмердүүлүгүн, анын ичинде айыл чарба жандыктарын көбөйтүү жана селекциялык тандоо жаатындагы алдыңкы технологияларды киргизүүнү карайт. Аналитикалык борборлор геномдук талдоо негизинде малдын асыл тукумдук баалуулугун эсептөө боюнча маалыматтарды анализдөө менен иш алып барат.

Ошондой эле, мүчө-мамлекеттер айыл чарба өсүмдүктөрүнүн уруктарынын сорттук жана үрөндүк сапаттарын өз ара тааныган документтеринин тизмеси жөнүндө долбоор да колдоого алынды. Бул ЕАЭБ өлкөлөрүнүн биринде берилген улуттук документтер менен үрөндөрдүн сапатын кайталап текшерүүсүз жана документ даярдоосуз эле мүчө-мамлекеттердин аймагында соодалоо мүмкүнчүлүгүн камсыздайт.

Маалымкат 

Кампалык күбөлүк кампа тарабынан чыгарылган же берилген эмиссиялык эмес баалуу кагаз болуп эсептелет, күбөлүк кампага белгилүү көлөмдөгү айыл чарба өнүмдөрүн кабыл алуу жана сактоону тастыктайт, ал өнүмдөргө менчик укугун, ошондой эле, күрөө менен камсыздалган милдеттенмелерди аткарууну талап кылуу укугун камсыздайт. 

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости