ЕАЭБ – бул регионалдык экономикалык биригүүнүн эл аралык уюму. Уюм эл аралык укукка ээ жана Евразиялык Экономикалык Биримдик жөнүндө Келишимдин негизинде түзүлгөн. ЕАЭБде товар айлантуу, кызмат көрсөтүү, капитал жана жумушчу күчтөрдүн эркин кыймылдашы, жана экономикалык тармакта айкалышкан, макулдашылган же бирдиктүү саясат жүргүзүү камсыздалат.
Евразиялык экономикалык биримдиктин мүчөлөрү болуп Армения, Беларусия, Казакстан Кыргызстан жана Орусия эсептелет. ЕАЭБ улуттук экономикалардын ар тараптуу модернизация, кооперация жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга жана уюмдун мамлекеттеринин калкынын жашоо деңгээлин жогорулатуу үчүн туруктуу өнүгүүсүнө шарттарды түзүү үчүн түзүлгөн.
Жогорку экономика мектеби улуттук изилдөө университетинин дүйнөлүк экономика факультетинин деканынын орун басары Андрей Суздальцевдин айтымында, ЕАЭБдеги өнөктөштөр ИДПнын көлөмү менен гана эмес, түзүмү боюнча дагы айырмаланып турушат. “башкача айтканда, интеграциялык долбоорлор саясий мүноздө болууда, бирок ЕАЭБдеги экономикалык өсуш Кыргызстанда дагы болот деп үмүт кылалы. Интеграциялык долбоордун алкагында өнөктөштөр тарабынан бардык шарттар аткарылса өсүш болот”
Товарларды экспорттоо 32,7%, ал эми импорттоо 9,8% жогорулаган. ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ичинен сооданын басымдуу бөлүгү Орусия менен болгон — 60,2%, Казакстан менен 38,1%.
Мамлекеттик миграциялык кызматтын эмгек миграциясы башкармалыгынын башкы адиси Улан Шамшиевдин айтымында, өлкө ЕАЭБге киргенден тарта жыл өткөн сайын мигранттардын саны 25%га жогорулоодо. Жогорку билим тууралуу дипломдун Орусия үчүн жарактуу болуусу дагы бир топ жол ачты. Расмий маалыматтар боюнча Кыргызстандын 710 миң жараны эмгек миграциясында жүрөт, алардын 86%ы Орусияда.
Экономист Жумакадыр Акенеев ЕАЭБге кирүү Кыргызстан үчүн жан багуунун бир айласы болгон деп санайт.
Бирок көпчүлү эксперттер Кыргызстандын экономикасы азырынча интеграциялык биримдикке толугу менен кирүүгө даяр эместигин билдиришти. Экономика тармагы боюнча эксперт Искендер Шаршеев билдиргендей, Биримдикке кирерден мурун ишканалар атаандаштыкка туруштук бере алгыдай болушу керек эле, адамдар болсо маалыматка ээ болуусу керек болчу. Республика дагы деле адаптациядан өтө элек.
ЕАЭБдин жалпы рыногуна толук кандуу мүчө катары кирүү үчүн Кыргызстанга эмне жетишпей жатат?
КР үчүн материалдык жактан пайда болгону тууралуу эксперттердин пикири туура. Алардын эң ирилеринин бири уставдык капиталы 500 млн доллар болгон орус-кыргыз өнүктүрүү фонду. Бул финансылык уюм насыя берүү менен алек. Бирок кыргыз ишкерлери бул фондду кайрымдуулук катары түшүнүп алышып күрөөсүз насыя талап кылышып, шарттарды жеңилдетүүнү суранып келишет. Фонд ансыз деле жагымдуу шарттарды сунуштап жатат. Экономисттер канчалык капиталы көп болбосун бир дагs фонд кыргыз экономикасынын көйгөйүн чечпейт деп келишет.
Көпчүлүк ишкерлер бажы тоскоолдуктарынан өтүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнү атаандаштыкта болгон жеңилдетү катары түшүнүп алышты. Жалпылап айтканда КРнын альянста толук кандуу катышуусу үчүн стандарттарга ылайык баардык талаптарды аткаруу керек.
180 миллиондук рынокко чыгууга мүмкүнчүлүк алганы менен Кыргызстан аны оздөштүро алган жок!
“Кыргызстандын айыл-чарбасына көп ишенимдер болгон. Бирок товарлардын аздыгы, сапат сертификаттарынын жоктугу, мамлекеттик аппараттын инфраструктураны түзгүсү келбегени, бизнесмендер арасында маалыматтык кампанияларды жүргүзбөгөнү азырынча мамлекет керектүү көлөмдө эт-сүт азыктарын, жашылча-жемиштерди экспорт кыла албастыгын көрсөттү. ЕАЭБ бул жалпы стандарттар жана бир аймакта бир эреже менен соода кылуу, бирок атаандаштык да күч болот”,-деди Денис Бердаков.
Албетте ЕАЭБ Кыргызстанга көп пайда алып келдиби же зыянбы акыркы жыйынтыкты чыгарууга эрте.
Ирина Байрамукова