Ишкерлердин соода-сатыгы да ушунун негизинде жакшы экспорттолбой жатканы айтылчу. Серепчилер буга чейин ЕАЭБге киргенден кийин, өлкөдө мындай лабораториялардын курулуп бүтө электиги “шылтоо” болуп атат деп сынга алышчу.
Өлкөнүн Түштүк аймагына атайын лаборатория курулуп, азыр оңдоо иштеринин экинчи этабы жүрүп жатканын Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматынан кабарлашты.
Тиешелүү жабдыктар Орусиядан алынып, ал жактан адистер келип, жергиликтүү кесиптештерине бул аппараттарды иштетүүнү үйрөтүп кетишкен. Жыл аягына чейин дагы жабдыктар алынат.
Мекемени оңдоп-түзөө иштери менен таанышкан өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Таалайбек Сарыбашев борбордо Ош эле эмес, бүткүл түштүк аймагынан экспорттолчу продукциялар текшерүүдөн өтөөрүн белгиледи.
Ветлабораторияны оңдоо республикалык бюджеттен каржыланган. Азыр мында 17 адис иштеп жатат.