Маалыматка ылайык, сынак төрт номинация боюнча өткөрүлөт:
— «ЕАЭБ санариптик келечеги» — жаш иштеп чыгуучулар үчүн (стартаптар);
— «ЕАЭБ санариптик күн тартибин ишке ашыруу үчүн мыкты технологиялык чечимдер» — программалык камсыздоо, вендорлор, интеграторлор менен алектенген ири компаниялар үчүн;
— «ЕАЭБ мыкты санариптик долбоорлору» – бизнеси бир кыйла санариптик трансформациялоодон өткөн жана башка уюмдар үчүн ийгиликтүү тажрыйбага үлгү катары кызмат кыла турган ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин компаниялары үчүн;
— «ЕАЭБ санариптик күн тартиби темасында балдар жана өспүрүмдөр үчүн мыкты оюндар» – балдар жана өспүрүмдөр үчүн ЕАЭБ жана санариптик экономика темасындагы экономиканы өнүктүрүү тенденцияларын жана ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин өз ара аракеттерин жайылткан оюндарды жана симуляцияларды иштеп чыгуучулар.
Жарым финалга тандоо турунун жыйынтыгы боюнча ар бир ЕАЭБге мүчө-мамлекеттен 3төн долбоор, жалпысынан 12 долбоор чыгат. Сынактын жарым финалы 21-июлда «Ысык-Көл-2018» экономикалык форумунун аянтчасында өтөт.
Сынакка катышууну каалоочулар төмөнкү сайттан маалымат ала алышат: http://contest.eaeunion.org