• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

ЕАЭБ өлкөлөрүндө Кыргызстандын продукцияларына суроо-талап жогору

img_9111

👁 584

Кыргызстан Кытайга тооктун баш-шыйрагын жана колдонулбаган бөлүктөрүн экспорттой баштайт. Бул багытта макулдашуу жетишилип, кытай тарап уй-койдун ич эттери менен кургак сүт, балды алууга кызыктарлыгын билдиришкен. Экспортту жакшыртуу үчүн өлкөдө эпизоотикалык абал туруктуу сакталышы керек-дешет ветеринарлар. Маалыматка ылайык Кыргызстанда бул багытта абал туруктуу. Мындан сырктары кытайлыктар уй-койдун ич эттери менен кургак сүт, балды алууга кызыктар.

Мындан тышкары ЕАЭБ өлкөлөрүндө Кыргызстандын продукцияларына суроо-талап жогору . Россияда Кыргызстандын сүт азыктарына өзгөчө кызыгуулар болууда. Грек жаңгагы, мисте мурда КМШ өлкөлөрүндө кеңири белгилүү болсо, азыр алар ЕАЭБ өлкөлөрүндө суроо-талапка ээ болууда-дейт Жаңгактар ассоциациясынын президенти Маданбек Караев. Андыктан биримдиктин айдыңында жакшы сатылып жаткан товарлардын катарын мисте, жер жаңгак жана грек жаңгагы дагы толуктай баштады.

Маданбек Караев: “Көбөйгөндүгүнүн себеби продукциянын составында витаминдин көбөйгөндүгү. Муну эл деле түшүнүп калды. Азыр Россия мамлекетине бал менен кошулган жаңгак жакшы экспорттолуп жатат. Учурда ушул багытта иштерге басым жасап жатабыз”.

Экономика министринин орун басары Элдар Абакиров Кыргызстандын өндүрүш жана айыл чарба товарларын экономикалык биримдикке экспорттоонун абалын айтып, акыркы жылдары Кыргызстанда экспорттун көлөмү жыл сайын тездик менен жогорулабаса дагы, бир темп менен өсүп жаткандыгын белгилейт.

Элдар Абакиров: 2016-жылы экспорт 6,1 пайыз өстү. 2017-жылы болсо экспорттун көлөмү 13,8 пайызга көбөйдү. Январь-февраль айларында былтыркы ушул айларга караганда ички дүң өнүм 2,2 пайызга өстү. Экспорт ойдогудай тездик менен болбосо дагы, бирок өсүп жатат. Азыр бир гана тоскоолдук ветеринардык көзөмөл гана алына элек. ЕАЭБ башка тоскоолдуктардын баарын алып салган. Жүк ташуунун акысы дагы арзандады.

“Кыргызстанда жасалган” бренди менен чыгарылган продукциялар ЕАЭБ өлкөлөрүндө өз ордун табууда. Бул багытта биргелешкен ишканаларды түзүү сунуштары дагы жок эмес. 2017-жылдын жыйынтыгы боюнча үчүнчү өлкөлөргө салыштырмалуу ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттун көлөмү кыйла көбөйүп, 27 пайызга өскөн. 2016-жылы ЕАЭБ өлкөлөрүнө 22 миң тонна сүт азыктары экспорттолгон болсо, былтыр көлөм үч эсеге көбөйгөн.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости