Эмне себептен спирт ичимдиктерине акциздик салыктын баасын көбөйтүү сунушталып жатат?
Спирт ичимдиктерине акциздик салыктын көтөрүлүүсүнө негизги себеп, ЕАЭБге кирген өлкөлөр ичинде акциз салыгы салына турган продукциялар боюнча жалпы саясатыбыз бир багытта, бир принципти сактоо аркылуу эл аралык келишимдин негизинде жүрүшү керек. Ошол себептен Бажы биримдигинде тамеки жана алкогол ичимдиктерине акциздик салыкты жогорулатуу боюнча келишимдер каралып жатат. Келишимдин негизинде аталган салыктын баардыгын келечекте бир деңгээлге жеткизүү зарыл. Учурда тамеки продукциясына акциздик салыкты жогорулатуу боюнча келишимдин долбоору макулдашылып бүтүп, кол коюу алдында турат. Тамекиге акциз салыгын көбөйтүү боюнча келишимдин долбоору биримдикке кирген өлкөлөр менен макулдашылып бүткөндүктөн депутат Дастан Бекешов жана Азамат Арапбаев тарабынан демилгеленген мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-апрелинде № 65 мыйзамы менен кабыл алынды. Аталган мыйзамдын негизинде Кыргызстан боюнча беш жылга, же болбосо 2018-жылдын 1-январынан тартып, 2022-жылдын 31-декабрына чейин чыпкалуу тамеки менен чыпкасыз тамекилерге жана папиросторго акциздик салыктын жогорулатылган чектери белгиленди.
Учурда салык кодексинин жаңы редакциясы, коомдук талкууга коюлуптур. Талкууда кандай пикирлер айтылып жатат?
Ар кандай пикирлер айтылып, бирок бүгүнкү күндө бизнес чөйрөсү менен тил табыштык. Анализдөө үчүн атайын алты жумушчу топ түзүлгөн. Ар бир топтун жетекчиси болуп тармактык бизнес-ассоциациялардын жетекчилери дайындалган. Ал эми Экономика министрлиги бул топторго шарт түзүп, керектүү материалдар менен камсыз кылдык. Ошону менен катар, министрлик жаңы Салык кодекси боюнча берилген суроолордун үстүндө иштеп жатат. Өкмөт, бизнес тармагы бизге айтпай эле жашыруун түрдө даярдап алып, тез өткөргөнү жатат деген сөз болбосун деп, атайын мөөнөтүн койгон жокпуз. Адегенде эле бизнес тармагынын негизги талабы фискалдык саясат боюнча Концепцияны бүтпөй туруп, силер Салык кодексин туура эмес баштагансыңар деген күнөөнү коюшкан. Бирок, биз аларга түшүндүрүп жатабыз. Салык кодексине кирген өзгөрүү Кыргыз Респуликасынын фискалдык саясат боюнча концепциясынын 2015–2020-жылга чейин бекитилген концепциянын негизинде жасалган.
Өткөн 2016 –жылдын 30-сентябрында депутаттар менен жолугушуу болуп, жаңы Салык кодексинин алгачкы тандоону презентациялаганбыз, ага бизнес тармагынын өкүлдөрү катышкан. Ошол эле жылдын 6-декабрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий сайтына коюп, 7-декабр күнү 41 бизнес-ассоциациянын мүчөлөрүн чакырып, тааныштыруу болгон. Көп өтпөй эле ишкерлер менен тушүнбөстүк болуп кетти. Бирок, иш токтоп калган жок, учурда Салык кодексинин үстүндө акырындык менен иштеп жатабыз. Ачыгын айтканда Жогорку Кеңештин депутаттарынын каникулга кетүүсү менен жаңы кодекстин иши артка жылгандай болду. Быйыл күздө даяр болбосо дагы, 2018-жылы бизнес чөйрө менен макулдашып, алдыга жылдырып, кабыл алсакбы деген пландар бар.
Спирт ичимдиктеринин кайсы түрлөрүнө март айынан тартып салык жогорулады?
-
- Ачуу ичимдиктер, ачуу ширелер, бальзам жана алкоголу төмөн ичимдиктер – литрине 60 сомдон 70 сомго чейин;
- Коньяк (коньяк спирттеринен сырткары) – 30 сомдон 42 сомго чейин;
- Шампанды кошкондо газдуу шарап – 25 сомдон 34 сомго чейин жогорулоодо.
Бул экономикага каражат түшүрүүнүн бир жолу эмеспи же спирт ичимдиктерин сатууга бөгөт коюубу?
Экономикага каражат түшүрүү эмес. Биринчи кезекте, ЕАЭБдеги милдеттерди аткаруу болуп эсептелет. Дагы бир айта турган нерсе, ата мекендик өндүрүшчүлөрдү колдоо максатында сырттан келген ликер-арак ичимдиктерине депозит киргизилди. Мисалы, Белоруссия, Россиядан келген спирт ичимдиктеринин литрине 500 сомдон депозиттик төлөм алынат. Мындай төлөмдөр Казакстан, Россиянын аймагында мурдатан эле болгон. Бирок биримдикке киргенден кийин да ушул көрүнүш кайталанып келген. Кыргызстандан өндүрүлгөн ичимдиктерди депозиттик төлөмү жок ата мекендик өндүрүүчүлөр киргизе албагандыктан, биз дагы ошондой кылабыз деп жооп катары депозиттик төлөм кабыл алдык. Анткени биримдикке кирген өлкөлөр арасында бирдей, калыс саясат жүрүшү зарыл. Депозиттик төлөм киргизилгени тууралуу маалыматты ЕАЭБдеги мамлекеттерге тараттык. Себеби, алар алдын ала билиши керек.
Кыргызстандан сыртка спирт ичимдиктери экспорттолуп жатабы?
Спирт ичимдиктерин экспортко чыгаруу жокко эсе. Кыргызстандан кошуна Казакстан, Россияга чыгаруу татаал болуп жатат. Анткени Россия спирт ичимдиктерин өндүрүүдө жана сатууга катуу талап коюуда. Заводдон өндүрүлгөндөн баштап, каякка кетти, канча өлчөмдө, кайсы шаарга, кайсы соода точкасында сатылып жатканына чейин атайын чип жана спутник байланышы аркылуу маалымат берип туруу керек экен. Чындыгында биз андай технологияларды колдоно албай жатабыз. Анткени Россияда колдонула баштаган бул ЭГАИС технологиясы бир чети татаал, бир чети кымбат болуп жатат.
Акциздик баалар көтөрүлгөндөн кийин кошумча канча акча чогулат?
Сиздин оюңуз боюнча спирт ичимдиктерине болгон баанын жогорулоосу менен жарандардын спирт ичимдигин колдонуусу азаябы?
Адамдын организминде тамеки менен спирт ичимдигине керектөө пайда болгондон кийин, баа канчалык көтөрүлбөсүн, ал адам керектөөсүн уланта берет. Тамеки менен спирт ичимдигин колдонуп жүрүп, кийинчерээк алардан баш тарткандар аз. Бул кандайдыр бир “кичи наркотик” сыяктуу адамдарга көнүмүш адат жана эңсөөнү алып келүүчү продукт. Ошондуктан акциздик салыкты өтө жогорулатуу же болбосо спирт ичимдиктерин тыюу салуу жолу менен керектөөнү токтотууга болбойт.
Наргиза Өмүрбек кызы