• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

ЕАЭБ алкагында Кыргызстанга техникалык көмөк көрсөтүү боюнча келишимдин мөөнөтү узартылууда

👁 399

Жогорку Кеӊеште КР Өкмөтү менен РФ Өкмөтүнүн ортосундагы ЕАЭБге кошулуу алкагында Кыргызстанга техникалык көмөк көрсөтүү жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол боюнча ратификациялык мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

2017-жылдын 29-декабрында аталган макулдашууга өзгөтүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколго кол коюлган. Анда Саламаттык сактоо министрлигинин Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жана ооруулардын алдын алуу департаментинин эки лабораториясын жабдуу жана капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүү боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган. Ал жумуштарды 2017-жылы бүткөрүү мүмкүн болбогондуктан, бул мөөнөт 2018-жылга жылдырылууда.

Ошондой эле, Россиянын Федералдык бажы кызматынын сунушуна ылайык, протоколдун долбооруна Кыргызстанда жаныбарларды идентификациялоону техникалык жактан колдоо боюнча иш-чараларды ишке ашыруунун мөөнөтү да узартылууда.

Бир катар депутаттар 200 млн доллар көп каражат экенин, анын жумшалуу жүрүмүн катуу көзөмөлгө алуу керектигин айтышты. Андан сырткары, эл өкүлдөрү келишимдин өз маалында аткарылышын кечеӊдеткен тийиштүү кызмат адамдарынын жоопкерчилигин кароо зарылдыгы белгиленди.

Белгилей кетсек, келишимдин алкагында жасала турган жумуштар россиялык компания тарабынан ишке ашырылат. Буга чейин 12 лаборатория оӊдолуп, жаӊы 4 лаборатория курулду, аларга толугу менен жаӊы жабдуулар орнотулат. Ал эми Бишкек жана Ош шаарларындагы лабораториялардын капиталдык ремонту жыл аягына чейин толугу менен бүткөрүлүп, жаӊыдан жабдылмакчы.
Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости