• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Эң кымбат деп аталган Орто-Сай базары…

img_9111

👁 2,140

Орто-Сай базары Бишкектеги Дордой, Ош базары, Аламүдүн жана Сары-Өзөн – Дыйкан базарынан кийинки чоң базарлардын бири. Аянты жагынан чоң болбогону менен ижара акылары жана соода сатыгы жагынан алда канча жогору. Базар Бишкектин түштүк-Чыгышында жайгашып, айланасын 7–8-кичи райондор курчап турат. Негизинен базардын кардарлары кичи райондун жашоочулары. Базары комплекстүү түрдө 3 чоң бөлүктөнг турат. 1) Орто-Сай базары, 2) “Оберон”, 3) Кулун-Ата. Бардыгын кошуп алганда базар эки багытта кызмат көрсөтөт. Кийим кечектер жана азык тулүк. Орто-Сай эрте мененки саат 9:00дон кечки 20.00 го чейин иштейт.

Базардын ортоңку жери мэрияга караштуу

Аталган базар борбор шаардагы калк жыш отурукташкан жерде жайгашкандыктан, соода иш күндөрү жана дем алыш күндөрү да абдан активдүү жүрөт. Бирок унаа токтотуучу жайлар жокко эсе. Базар жеке жактардын кызыкчылыгынан улам жыл сайын аянты кеңейип, чакан соода орундарын ачкан соодагерлердин аракети менен чоңоюп келет. Жалпсынын 500 дөн ашуун соода орундары жайгашкан. Эң ортоңку бөлүгү Бишкек шаардык мэриясына карап, 100дөй соода түйүндөрү бар.

Орто-Сай базарындагы мөмө-жемиш саткан, эт жана тельмен стакан кафе Бишкек шаардык мэриясына караштуу болуп саналат. Шаардык мүлк башкармалыгынын башчысы Иманакун уулу Талантбектин айтымында мындай үч комплексте баары биригип 120нын тегерегинде соода орундары жайгашкан.

“Базар Бишкек шаардык мүлк башкармалыгына тишелеүү болуп саналат. Бирок базардын мурунку арендаторлору жерди ижарага беребиз деп мыйзамсыз аракеттерге барышкан. Тактап айтканда талаштан улам сотко беришкен. Учурда сот процесси жүрүп жаткандыктан соодагердин бир айлык арендасынын так баасы бычыла элек”.

Аренданын баасы 5 миң сомдон миң долларга чейин

Бул жерде негизинен мурдатан бери иштеп келген соодагерлер эмгектенет. Ортоңку бөлүгүндө мөмө-жемиштен тартып, турмуш тиричилигине керектелчү бардык азык – тулүктөрдү табууга болот. Соодагерлер шаардык мэрияга күнүнө 50 сомдон төлөшкөндө, ошондо айына 1500 сом ижара акысын беришет. Ал эми мындан башка жерлери жеке жактарга сатылып кеткендиктен соода орду үчүн эң азы 5 миңден 25–30 миңге чейин төлөшөт. Негизинен соода орундары ээлеген аянтына жана элдер көп өтчү жерине жараша болот. Базардагы ишкерлердин айтымына караганда эң майлуу жерлер 1000 доллардан 2000 долларга чейин аренда төлөшкөнү менен бирок бул сумманы бат эле таап алат.
Өзүн Жанарбек деп тааныштырган соодагер, шаардык мэрия караштуу жерде алма, гляс жана өрүк сатып иштейт. “Соода жаман эмес, жакшы. Күнүнө 10–15 миңге чейин соода кылабыз. Жерим чакан болгондуктан күнүнө 50 сомдон төлөйм”.

Орто-Сай базары аянты жагынан чакан болгону менен эң кымбат базар катары коомчулукта айытылып келет. Мисалы Сары-Өзөн дыйкан базарында эң кымбат аренда 4500ден 5000 миңге чейин болсо, бул жерде эң арзаны 5000ден баштап миң долларга чейин чыгат. Ошондой эле базардын ичинде сатылган товарлардын бардык түрлөрү Бишкектеги башка базарларга салыштырмалуу да кымбатыраак. Дагы бир айырмачылыгы кардарлардын көпчүлүгү жалаң шаардыктар жана орус улутундагылар.

Бакыт деген соодагер базарда 5–6 жылдан бери жашылча жемиш сатуу менен алектенип келет. башында кийим-кечек сатып эмгектенген. Азыр турган жери үчүн айына 8000 миңден 10000 миңге чейин аренда төлөйт. Бирок жакшы дегенде күнүнө 20–25 миңге чейин соода болорун жашырбайт. Каармандан интервью алайындеп уруксат алгыча 5–10 мүнөт күтүп калдым. Бул аралыкта кардарлар тынбай келип соодагерди шаштырып жатты.

“Негизинен жашылча жемиш, чөп-чарларды сатам. Мына өзүң деле көрүп турасың, ордум деле чоң эмес. чакан эле. бирок ушул үчүн 10 миңге чейин ижара акысын төлөйм. Бул жерде башка базарларга салыштырмалуу арендасы бир топ эле кымбат. Бирок Кудайга шүгүр соода ар кандай болот. Кээде 15 миңден 20 миңге чейин соода кылып күнүнө беш миңге чейин киреше таап калабыз”.

Базарда негизинен жашылча-мөмө жемиштер сатылат

Орто-Сай базарында негизинен жашылча-жер жемиштер менен мөмө-жемиштер көп сатылат. Азыр мөмө-жемиштердин сезону болуп жаткандыктан кардалардын айынан бут койорго жер жок. Базардын дагы бир жакшы жагы көпчүлүк соодагерлер турган жайлардын үстү жабык болуп, товарлар бузулбай көпкө сакталгандыгында. Бирок ушуга жараша эл көп өтчү жана ортоңку жерлери башка жерлерге салыштырмалуу товарлардын баасы бир топ эле кымбат. Балким патент жана арендасына жарашада болушу мүмкүн. Бирок мөмө жана жер жемиштер мезгилине жараша өзгөрөт. Жергиликтүү алма, алмурут, өрүк, шабдалы, кара өрүк жана башка жемиштер жайдын башынан күз айынын ортосуна чейин сатылат. Жашылчалар жана чөптөрдүн баарын жыл бою сатып алууга болот. Ошондой эле дарбыз менен коондун сатылышы сезон бою үзүлбөйт. Кышында куурма менен анарды кездештиресиз.

Бардык эле базарларда сатылгандай Орто-Сайда да кургак жер жемиштердин түрүн табууга болот. Ошондой эле эт азыктарынан, балык этин, уй-кой эти кеңири сатылат. Мындан сырткары көпчүлүк шаар тургундары күнүмдүк турмуш-тиричиликке керектелчү азык тулүтөрдү алышат.

Кийим – базар комплексинин көп бөлүгүн ээлейт

Ал эми кийим – базар комплексинин көп бөлүгүн ээлейт. Анда узатасынан коюлган контейнерлер жана анын алдындагы машиналар бир топ аянтты толуктап турат. Арендага алып иштеткен соодагерлер Кытай, Түркия, Россия сыяктуу мамлекеттреден буйрутма менен товар алып жергиликтүү тургундарга сунушташат. Алар негизинен кийим –кече, бут кийим, сумка жабдууларды сатышат. Базардан сезонго жараша кийимдерди сатып алууга болот.

Кийим кечектен сырткары канцелярдык товарларды жана үй кожейкесине керектелчү жуучу-жабдыктардын түрүн сатып алууга мүмкүн.

Орто-Сай базарынын аймагында тамактануучу ашканалар, банктык кызмат көрсөтүүлөр жана оюн-зоок жайлары жайгашкан. Акыркы убакта базардын сыртында соода кылган жерлер мыйзамдаштырылып атайын чакан жаңы соода түйүндөр салынып инфраструктуралык абалы жакшырууда. Ага чейин эле айтылып келген маданияттуу базар атка конгон Орто-Сай мындан да жакшыруу жолунда.

Өрт коопсуздугу толук сакталган эмес

Деген менен Орто-Сай базарынын артынан ээрчип жүргөн чуулгандуу иштер да бар. Болжолдуу маалыматтарга ылайык, азыркы Сары-Өзөн-Дыйкан” базарынын ээлери дал ушул Орто-Сай базарынын негизги бөлүгүн сатып алабыз деп бир жарым жыл чуркап, тилекке каршы соодагерлердин каршылыгы менен базар сатылбай калган. Ошондой эле өткөн жылдары аренданын үч эсе кымбатташы боюнча да соодагерлер нааразычылык акциясына чыгышкан. Дагы бир көйгөй жакында эле Орто-Сай” базарында бир контейнерден өрт чыккан. Ал контейнердин ичиндеги бир аз товарлар күйгөнү менен өрт чектөөгө алынып, толугу менен саат 22.18де өчүрүгөн.

Акчанын баары базарда

Адистер базар бул эң көп акча айланчу жер деп эсептешет. Эң башкысы базарда соода сатык кызуу жүргөндүктөн ар дайым кыймылда болуп турат.

И. Жамалбеков

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости