Буга бир нече факторлор өбөлгө: ыңгайлуу климаттык шарттар жана географиялык жайгашуу сапаттуу жана экологиялык жактан таза айыл-чарба өнүмүн чыгарууга түрткү берет. Кайра иштетүү тармагына болсо электр энергиясынын жана эмгек ресурстарынын жеткиликтүүлүгү жакшы шарт түзөт. Бизнес коомчулуктун ишкердүүлүк духу жана креативдүү кадамдары ички рынокто атаандаштыкты түзүүгө жардам берет.
Мунун натыйжаларынын бири биздин өлкөнүн ЕАЭБге кошулуп, ВСП+ статусун алуусун айтсак болот. Бул болсо ата мекендик өндүрүүчүлөргө ири рынокко чыгууга жардам берет. Бир эле убакта өлкөнүн бюджетине оорчулук келбегидей сырткы соода тармагына байланышкан уюштуруучулук-техникалык иштер жүрүүдө.
Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун базасында бизнести каржылоонун жеңилдетилген шарттары түзүлдү. Фонд 2015-жылдын ноябрь айынан тарта РСК Банк» жана «Айыл банк» банктары аркылуу ишкерлерге 3 миллион долларга чейин насыя берип баштаган. Учурда бул иш «Кыргызстан» жана «БТА Банк» банктары аркылуу уланууда.
Экологиялык жактан таза өнүмдөр Кыргызстандын бренди болуп калышы толук ыктымал: этти ири көлөмдө БАЭге, Катарга, Йеменше жана башка араб өлкөлөрүнө экспорттоого даяр. Ал эми Кыргызстандын балы дүйнодөгү эң жакшы балдардын катарында жана рейтингдерде тизменин сап башында туруп келет.
Э. Абакиров Кыргызстан өзүнүн уникалдуу потенциалын колдонушу керектигин баса белгиледи. Бул максатка жетүүчү куралдардын бири көргөзмө иштери. Атаандаштык күч болгон жана активдүү өнүгүп жаткан рынокто потенциалдуу кардар болуп, мезгил менен биргеликте жүрүү товарлар жана кызматтар рыногунда лидер болууга көмөктөшөт.
Көргөзмөдө кондитердик азыктар, колбасалар, эт азыктары, фармацевттик жана косметикалык каражаттар, үй техникасы, кездеме, кийим, чарба товарлары, спирттик жана алкоголсуз ичимдиктер, минералдык суулар, соктор чайлар коюлган.
Бул жолу Орусиянын, Өзбекстандын, Казакстандын, Кытайдын, Түркиянын өнүмдөрү коюлду.
Көргөзмө-жарманкенин алкагында адистердин жолугушуусу болуп, сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, мастер-класстар өткөрүлдү.