Бүгүн, 17-апрелде Тогуз-Торо районунун тургундары Ак үйдүн алдына митингге чыгышты. Митинге чыккандар «Джи Эл Макмал Девелопинг» ишканасын жабууну талап кылышып, имаратын өрттөөгө шектүү делип кармалган адамдарды бошотууну талап кылышууда.
Митинге чыккан жарандар «Джи Эл Макмал Девелопинг» ишканасын жабыш керектигин айтышууда. Анткени аталган кен иштетүүчү ишкананын иши жергиликтүү тургундардын ден соолугуна зыян келтирүүдө деп ырасташууда.
«Биз аталган фабриканы жабууну өтүнүп жатабыз, себеби элдин ден соолугу бузулуп жатат. Тактап айтканда боор оорулары, сарык оорусу пайда болуп, көпчүлүгүнүн кан басымы жогорулоодо. Мындай көйгөйлөр буга чейин болгон эмес. Ошондуктан биз митингге чыктык. Биз буга чейин бир нече жолу тиешелүү инстанцияларга кат жолдогонбуз. Бирок, эч ким аны уккан жок», — дешти алар.
Аны менен катар Тогуз-Торо районундагы башаламандык боюнча күнөөсүз адамдар кармалгандыгын айтышып, Ак үйдүн алдына чогулушкан.