Ошол 100 миң тоннага жакын жер семирткичтердин 95%ы азоттук жер семирткичтер, ал эми 5 %ы гана фосфор жер семирткичтери. Ал эми калий жер семирткичтери дээрлик бизге келбейт. Негизи жер семирткичтер Казакстан, Россия, Өзбекстандан келет.
Кыргызстандагы дыйкандардын бардыгы ошол азоттук жер семирткичтерден башканы колдонбойт. Кыргызстан Эгемендүүлүк алгандан баштап азыркы күнгө чейин толук кандуу жер семирткич жерге берилген эмес. Анткени сапаттуу жер семирткичтер деле келбейт, келсе да дыйкандардын капчыгына чак келбейт.
Бул биринчиден топурактын күрдүлүгүн, башкача айтканда сапаттуулугуна терс таасирин тийгизип жатат. Анткени азоттук жер семирткичтерди нормадан ашыкча берсе топурактын асылдуулугун төмөндөтүп салат. 1990-жылдардагы топурактын лабороториялык жыйынтыгы менен 2017-жылдагы лабораториялык жыйынтыкты салыштырганда топурактын сапаттуулугу 3 эсеге төмөндөп кеткен. Негизи топурактын азыктуу бөлүгү 30 см кыртышта болуш керек.
Азот, фосфор, калий жер семирткичтерди толук бербесе топурактын сапаты түшө берет. Бүгүнкү күндө бүткүл дүйнөдө жерди сактоо үчүн глобалдык фонддор да жакшы иштерди жасап жатат. Окумуштуулардын айтымында эгер ушундай темп менен бара турган болсок 60 жылдын ичинде биздин жерибиздин кыртышы толугу менен иштен чыгып калат деген сөз бар. Биз жерге химиялык заттарды колдонуп жатабыз.
Ошол химиялык заттарды колдонгондун негизинде топуракта микроорганизмдер өлүп, өзүн-өзү калыбына келтирчү процесстер жүрбөй, дегредация болуп жатат. Учурда топуракты кайра калыбына келтирүү боюнча анын үстүндө “Агро-Эко-Сервис” деген ишкана иш жүргүзүп жатат. Бул ишкана быйыл БУУнун айыл чарба боюнча уюму ФАОнун тендерин утуп алып, республикадагы беш облуста 20 айыл өкмөтүнүн аймагында “Флора-С” “Фитоп-Флора-С” деген органикалык жер семирткичтерди колдоно баштады.
2012-жылдан баштап Россиядан бул жакка алып келип, дыйкандар колдонуп жатышат. Бул эмне болгон жер семирткичтер экенин Асаналиев Турусбек Үсөнбекович, “Топурак таануу” Улуттук академиянын кызматкер айтып берди:
- Ушул жер семирткичти колдонуп жакшы пайда тапкан дыйкандар барбы?
- Мисалы, Байтик айылында “Заркун” дыйкан чарбасынын башчысы Сырымбек деген жигит бир гектар жерге малина өстүрөт. Ал биз менен иштеше электе адегенде топурактын анализин алып, лабороторияга өткөргөн. Анализдин жыйынтыгында топурактын асылдуулугу жакшы болгон эмес. “Флора-С” “Фитоп-Флора-С” жер семирткичтерин топуракка берген.
Кийинки жылы ошол жердин топурагын анализге бергенде топурактан азот, фосфор калий 60 %га чейин көтөрүлгөн. Андан сырткары нейтрат азоту да жети эсеге көбөйгөн. Асылдуулугу да абдан мыкты болгон. Бул каражатты колдонгондон кийин мурдагыга салыштырмалуу түшүмдү 30–40 %га көп алган. Тегерегиндеги башка дыйкандар малинаны күнүнө 20 банкадан жыйнаса булар 80 банкага чейин жыйнашкан.
Андан сырткары Кочкордун Кара-Суу айылындагы Н.Сулайманов деген дыйкан картошка айдачу, биринчи жылы 30 тонна картошка алса, экинчи жылы ошол эле жерден 35 тоннага алган. Биринчи жылы бул жер семирткичти сепкен, экинчи жылы аны сеппесе да мыкты алган. Бирок үчүнчү жылы бул топуракка селитра берип жиберип ошондо ал 15 тонна жоготууга учураган. Кең-Булун айылынан Ариф деген дыйкан 2015-жылы эки гектарга эки килограмм жер семирткич алган.
Ошол жер семирткичтерди колдонуп бир гектар жерден 100 тоннадан ашык пияз алган. Мынча көп пияз алганын көргөндөр бул жазга чейин сакталбай чирип кетет деп айтышкан экен. Бирок товары жакшы болгондуктан аны сактайын деп аракет кылып сактап койгон. Биз кийинки жылы марттын онунда бардык.
Ошондо ал жигит мактанды, элдин баары сактаган пияздын ар бир мешогунан 5–6 килограммдан чирик чыкты, а меникинен бир да чирик чыккан жок деп. Бул жер семирткич сактоо мөөнөтүн сапаттуу узартат. Башка дыйкандар бир гектардан максималдуу 70 тонна алып атса, бул 100 тонна алды. Сактоо убагында дыйкандар 30 %ын жазында жоготот экен. А бул дыйкан ошол 30 % ын да сактап калды. Ошондо миллиондон ашык акчаны экономдоп калган.
2012-жылы эң биринчи ушул жер семирткичтер келгенде пахтага колдонгон экен. Пахтаны өндүрүп жаткан жерден жалбырагына гана чачышкан. Ошондо да түшүмү абдан мыкты болгон. Мурда 32 центнерден алса, кийин 45 центнерден алган.
–Ушул каражатты 3–4 жылдан бери колдонуп келе жаткан дыйкандар бар,- дейт Турусбек Асаналиев.- Алар жер кадимкидей жакшырып асылдуулугу жогорулады деп айтып жатат. Кемин районунда Майраш деген эже арпа-буудай өстүргөн огородуна отоо чөптөргө каршы дары сепсе эки жыл катары менен эч нерсе чыкпай калган экен.
Биз ал эжеге ушул каражаттарды колдонуңуз деп көрсөтмө бергенбиз. Ал ошол каражаттарды колдонуп картошкадан абдан жакшы түшүм алдык деп мактанып жатат. Андан сырткары 20 сотых жерге кызылча айдап, биринчи жылы 18 тонна алган. Кийинки жылы дагы колдонуп 20 тонна алган. Бул эмнени билдирет, ушул каражаттан кийин топурактын асылдуулугун көтөрүп жатканын көрсөтөт. Анткени кызылчадан кийин кызылча түшүмдү аз берет. А бул жерден тескерисинче 20 %га көп алып атат.
“Флора-С” “Фитоп-Флора-С” каражаттары эл аралык лабораторияда экологиялык жактан органикалык таза жер семирткич катары Германияда уруксаат сертификаты берилген. Кыргызстанда мындай эл аралык сертификаты бар жер семирткичтер жок. Азыр бизде эң маанилүү кызылча болуп жатат. Кызыл-Туу айылынан Марат деген дыйкан биздин каражатты алган. Бир гектардан 100 тоннадан ашык түшүм алды.
Таластыктар тоо буурчакты ушул жер семирткичти пайдалангандан кийин 30–40 %га чейин түшүмдүүлүгүн көтөрүп алды. Булардын бышуу мөөнөтү да 15 күнгө чейин кыскарды. Негизи бул каражаттар айыл чарбасындагы 28 проблеманы чече турган жер семирткичтер. Үрөндөргө чачабыз, жалбырагына да себебиз.
Биздин жерде андан тышкары “бактериялык күйүк” деген оору күчөп, жыл өткөн сайын жүздөгөн, миңдеген гектарларды жоготуп жатат. Мына ушул “бактериялык күйүк” дартына да ушул каражат эффективдүүлүгүн көрсөттү. Ысык-Көлдүн Чырак, Чырпыкты айылында, Кочкордо ушул ооруларды токтотту.
- Бул жер семирткичтин баасы кымбат эмеспи?
–А дыйкандардын бул боюнча маалыматы барбы?
Бул каражаттын пайдалуулугун тиешелүү уюмдар, Айыл чарба министрлиги билишеби, балким алар дыйкандарга сунуштамак беле деген суроону узаттым.
- Бул каражаттарды жайыт жерлерди кайра калыбына келтирүү боюнча Жайыт институту, чөптөрдү жакшы өстүрүү боюнча эки жылдан бери иш алып барып жатышат, жыйынтыгы жакшы болду. Бул жер семирткич боюнча Айыл чарба министрлигине илимий отчет беришкен.
Айыл чарба министрлиги уюштурган семинарларга катышып, ошонун негизинде БУУнун ФАОнун тендеринен утуп алдык,- дейт Турусбек мырза.- Андан тышкары эл аралык фонддор менен да биргеликте иш жүргүзүп жатабыз. Бул каражатты күнөсканаларда, тоолуу райондордо колдонуп жакшы жыйынтык берүүдө. Ат-Башы районундагы шор басып кеткен жерлерине картошка айдап, анын жыйынтыгы да жакшы көрсөткүч болуп жатат.
Негизи дыйкандарга селитраны көп колдонбой экологиялык таза каражатты колдонгула дейт элек. Биринчиден, Европа соода биримдигине кошулуп калбадыкпы, азыр Кыргызстан өндүргөн продукцияга талап жогорулады. Мурдагыдай селитра менен өстүргөн болсок ал адамдын ден соолугуна зыян.
Анын үстүнө лабораториялар курулса селитра менен өстүргөн жашылча жемиштери өтпөй дыйкандын эмгеги текке кетет. Тамак аш коопсуздугун да карашыбыз керек. Органикалык жер семирткичтер алардын пайдасы, күнөскананы куруу, жер жемишти кантип туура өстүрүү боюнча курстарды өткөрөлү деп жатабыз,- деп сөзүн жыйынтыктады.
Бул жер семирткичке кызыккандар болсо төмөнкү телефон менен байланышса болот: 0557003065, 0703160255, 0700520343 Сайт:bio-ban,com
Р.S. “Экономиканын” жакынкы сандарында жер семирткичтер тууралуу толук маалымат даярдайбыз.
Ж. КОЖОМКУЛОВА