Жарганаттардын үйү
Жарганаттардын көбөйүүсүнө шарт түзүүчү көп каттан турган нерсе. Бирок Андерсон талаасына 2–3 “үй” койдурганы менен жарганаттар аларга көңүл деле бурушкан эмес. Качан гана коңшулар жүгөрү сээп башташканда гана кызыгуулары арта баштаган.
“Бул таң калычтуу деле эмес. Себеби жүгөрү жарганаттар үчүн өтө жагымдуу талаа болот, себеби алар чиркейлер менен тамактанышат. Бир күнү мага кызык болду. Алар зыянкеч көпөлөктөдү дагы жешпейби деген ой келди”,-деди Андерсон.
Андерсондун теориясын уккан Калифорния университетинен изилдөөчү Девон Фрейзер жарганаттарды алардын талаасында иликтөө үчүн дыйкандардан уруксат сураган. “Жарганаттардын заңынан ал көпөлөктөрдү тапты”,-деди ал.
Жарганаттыкындай маяна
Дыйкандар үчүн жарганаттын пайдасы көп экенин далилдегиси келгендердин арасында Фрейзер жалгыз эмес. Ошол эле Калифорния университетинин окумуштуусу Дэвис Кэтрин Ингрэм акыркы 2 жылда жарганаттар экосистемага канча пайда алып келип жатканын саноо менен алек. Бул зыянкечтер менен гана күрөшүү эмес, жемиштердин 300дан ашуун сортун чаңдаштыруу дагы.
Ингрэмдин айтмында, ал 2006-жылда Бостон университети жүргүзгөн изилдөөлөрдөн кийин кызыгуусу арткан. Окумуштуулар Техаста пахта өстүргөн дыйкандар үчүн жарганаттардын пайдасы тууралуу талкуулашкан. Бул изилдөөлөр учурунда экономикалык модель түзүлгөн, анда жарганаттар дыйкандарга миллиондогон долларларды үнөмдөөгө мүмкүнчүлүк берээри белгилүү болгон.
Бул суроолорго жооп табыш үчүн Ингрэм калифорниялык жаңгак токойлорун изилдей баштаган. Жарганаттар эмне кыларын так аныкташ үчүн Ингрэм кадимки органикалык айыл-чарбасын салыштырып чыккан.
Ингрэм үн жазуучу жабдууну колдонууда. Себеби жарганаттар тамак жээр алдында ар түрдүү үндөрдү чыгарышат. “Мен жарганаттарды чогултуп, сумкама заңдашын күтөм. Андан соң заңдарын алып ДНК анализине берем. Ал жактан жарганаттардын заңында көпөлөктөр барбы же жокпу аныкталат”.
Изилдөөчү уюмдар жарганаттардын пайдасын изилдөө менен улам сайын таң калтырган сандарга туш болууда. Акыркы изилдөөлөргө ылайык, жарганаттар жүгөрү өстүргөндөргө жылына 1 млрд доллар пайда алып келүүдө. Американын айыл-чарбасына 3,7 млрд доллар, ал эми Техас штатында пахта өстүргөндөргө 1 млн доллар пайда алып келүүдө.
Ал эми дыйкан Андерсон үчүн жарганаттар кадимки көрүнүш болуп калган. “Биз досторубуз менен бат баттан чогулуп, шарап ичип турабыз. Ар бир чогулган сайын жарганаттар “ишке” жөнөп жатканына күбө болобуз”,-деди ал.
Булак: The Guardian