Өкмөттүн кезектеги жыйынынын жүрүшүндө Экономика министринин орун басары Данияр Иманалиев 2017-жылдын I кварталына карата өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү тууралуу маалымат берди.
Ал белгилегендей, 2017-жылдын башынан бери Кыргыз Республикасынын экономикасы өсүү динамикасын көрсөтүп жатат.
Улуттук статистикалык комитеттин баалоосу боюнча 2017-жылдын январь-март айларында ИДПнын көлөмү 86,1 млрд сомду түзгөн, өсүү темпи 107,8 % (2016-жылдын январь-март айларында реалдуу өсүш 93,6 % болгон) болгон. “Кумтөр” ишканасын эске албаганда ИДПнын реалдуу өсүшү 103,9 % болгон, былтыркы жылдын ушул маалында аналогдук көрсөткүч 100,5 % болчу.
Айыл-чарба тармагында көлөмдөр 1,5 %га өстү. Кызмат көрсөтүү тармагында — 0,5 %, өнөр-жай тармагында — 35,5 %. Муну менен катар эле курулуш тармагында өсүү темпи мурункудай эле болуп, 100,0 %ды түздү.
Инфляциянын көлөмү 102,1 % болду, 2016-жылы көрсөткүч 98,8 % болчу.
Азык-түлүктөргө болгон баа жогорулады, керектөө куржунуна карата (45,8 %).
2017-жылдын 30-апрелине карата дыйкандарга жалпы 2 083,1 млн сом жеңилдетилген насыялар берилди.
2017-жылдын январь-февраль айларына карата керектөөлөргө карата берилген насыялардын көлөмү 7,6 %га жогорулады.
2017-жылдын январь-февраль айларына карата эмгек мигранттарынын каражат которуусу 253,4 млн долларды түзгөн, былтыркы жылдын ушул маалына салыштырмалуу 51,1 %га көп.
Кыргыз Республикасынын ички соода айлануусу 2017-жылдын январь-февраль айларында 752,4 млн долларды түзгөн, былтыркы жылдын ушул маалына салыштырмалуу 5,9 %га көп.
Товарларды экспорттоо 2016-жылдын январь-февраль айларына салыштырмалуу 2,8 % пайызга азайып, 233,5млн долларды түзгөн.
Импорт болсо 518,9 млн долларды түзүп, 10,4 %га көбөйгөн.
ЕАЭБге мүчө өлкөлөр менен болгон сырткы товар айлануу 331,3 млн долларды түзүп, 7,3 %га көбөйгөн, жалпы товар айлануунун көлөмү 44,0 % пайыз болду. Анын ичинен экспорт — 112,5 млн доллар, импорт — 218,8 млн доллар.
2017-жылдын январь-март айларынын жыйынтыгы менен аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берилчү жөлөк пулдун орточо көлөмү 764,9 сомдон 874,9 сомго жогорулаган (өсүү 14,4%).
2017-жылдын январь-февраль айларында орточо маяна (чакан ишканаларды эске албаганда) 13676 сомду түздү, 2016-жылдын ушул маалына салыштырмалуу 4,5 %га өскөн.
2017-жылдын 1-апрелине карата пенсиянын көлөмү 7,2 %га жогорулаган. 2–17-жылдын январь-март айларында Социалдык фонддун пландалган 6069,9 млн сомдон кепилдик каражаттар катары 6194,3 млн сом чогултулган, башкача айтканда план 102,0% аткарылды. Былтыркы жылдын ушул маалына салыштырмалуу чогултуу 109,5% болду.
2017-жылдын январь-март айларына карата пенсияларды жана башка төлөмдөрдү төлөөгө 9534,6 млн. сом кеткен. Пенсия боюнча карыздар жок.
2017-жылдын январь-март айларына карата иш менен камсыздоо кызматынын жардамы менен 8,9 адам жумушка киргизилген. Мындан сырткары 2017-жылдын январь-март айларында 4 миң адам ар кандай кесиптерге окутулган.
Сөзүн жыйынтыктап жатып министрдин орун басары Д. Иманалиев айрым маселелерди чечүү жолдорун айтты. Калктын жашоосун жакшыртуу жана макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылуу үчүн тиешелүү чаралар көрүлүүсү керектигин белгиледи.