Бул тиешелүү документтердин, маркироваканын, таңгактын жоктугунан улам жана башка себептерге байланыштуу болууда.
Буга байланыштуу КРнын Экономика министрлиги кайра иштетилбеген айыл-чарба өнүмдөрүн (жашылча-жемиштер, мөмө-жемиштер ж.б.) ташууга болгон ЕАЭБдин талапттарынын тизмесин жарыялады. Ошондой эле тиешелүү документтерди кайсы органдан алса болору тууралуу маалыматты дагы бул жерден таба аласыз.
Айыл-чарба өсүмдүктөрү үчүн төмөнкү талаптарды сактоо керек:
–ар бир өнүмгө фитосанитардык сертификаттын болуусу;
- 2016-жылдын 15-ноябрындагы ЕЭКтин коллегиясынын № 154-чечим менен бекитилген ЕАЭБдин бирдиктүү формасындагы техникалык регламентке өнүмдүн жооп берери тууралуу катталган декларация;
- ЕАЭБдин техникалык регламенттерине жооп берүүчү маркировка жана таңгак;
- товарга тиешелүү документ, ал жерде өнүмдүн партиясы, ким тарабынан чыгарылганы жана кайсы жактан чыгарылганы жазылуусу керек;
Ошондой эле өнүм чийки зат катары таңгаксыз ташыла турган болсо, анда товар ташуучулар өсүмдүктү өстүрүүдө пестициддердин колдонулушу, аны сактоочу жай, зыянкечтерден коргоо тууралуу ммаалыматка ээ болуулары керек.
Фитосанитардык сертификат
ЕАЭБдин Келишимине ылайык, фитосанитардык сертификациялоо системасына ылайык сертификатталган карантинге алынган продукция Кыргыз Республикасы жана/же импорттоочу өлкөлөр үчүн карантиндик мааниге ээ болгон зыяндуу организмдерден таза болууга жана импорттоочу өлкөлөрдүн улуттук фитосанитардык талаптарына жана/же фитосанитардык талаптарына шайкеш келүүсү тийиш. Фитосанитардык текшерүүгө алынчу жогорку фитосанитардык кооптуулугу бар болгон карантинге алынган өнүм (карантинге алынган жүк, материал, товар) 1-Тиркемеде берилген.
Маалымат:
фитосанитардык сертификат – өсүмдүктөрдү сактообоюнча 1951-жылдын 6-декабрында кабыл алыншан Эл аралык конвенция тарабынан бекитилген түр боюнча даярдалган эл аралык документ. |
Фитосанитардык сертификаты алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министирлигинин өсүмдүктөрдүн карантин департаментинин областтык башкармалыгына кайрылууга тийиш.
Фитосанитардык сертификатты алуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 18-июнундагы № 376 токтому менен
Бекитилген Фитосанитардык, реэкспорттук фитосанитардык жана карантиндик сертификаттарды берүү тартиби жөнүндө жобого ылайык жүргүзүлөт.
Айыл-чарба өнүмүнүн шайкештиги тууралуу декларация
ЕАЭБге мүчө өлкөлөргө айыл-чарба өнүмүн ташуу үчүн ишкерлер өнүм ЕАЭБдин техникалык регламентинин талаптарына ылайык келээри тууралуу декларация толтуруулары керек. Өнүмдүн ЕАЭБдин техникалык регламентине жооп берээри тууралуу тиешелүү декларация даярдоочу (сатуучу) тарабынан ЕЭКтин Коллегиясынын 2016-жылдын 15-ноябрында бекитилген № 154-чечимине ылайык бирдиктүү формада толтурулуусу зарыл. Бул декларация Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти тарабынан (бекер) же ЕАЭБдин сертификаттоо боюнча органдардын бирдиктүү тизмесине кирген лабораториялары тарабынан каттоого алынышы керек.
Шайкештикти текшерүү ЕАЭБдин сертификаттоо боюнча органдардын бирдиктүү тизмесине кирген лабораториялары тарабынан гана жүргүзүлөт. Кыргыз Республикасындагы тиешелүү лабораториялардын тизмеси менен ЕЭКтин сайтынан таанышсаңыздар болот: http://www.eurasiancommission.org/ru/docs/Pages/IL_OS.aspx
Айыл чарба өнүмүн таңгактоо жана маркировкалоо
Ташылып бара жаткан айыл-чарба өнүмү “Азык-түлүк жана аны маркировкалоо” (ТР ТС 0022⁄2011), “Таңгактын коопсуздугу” (ТР ТС 005⁄2011) тууралуу техникалык регламентке ылайык маркировкаланган жана таңгакталган болуусу керек. Маркировка болбогон жана таңгакталбаган өнүмдөр чек арадан өткөрүлбөйт.
Товарды коштоп анын ырааттуулугун камсыз кылган документтер
Пестицид же фумигация колдонулгандыгы жөнүндө маалыматтар
Эгерде жиберилген айыл чарба өсүмдүгүнүн партиясы тамак-аш чыгаруучу чийки зат катары колдонула турган болсо (керектөө таңгагы болбойт) аны жибергендер өстүрүүдө пестицид колдонгондугу жөнүндө, өндүрүш жайынын жана салынган идиштин фумигация болгону тууралуу (МСФМ № 15) документтерди көрсөтүү зарыл.
КРнын Экономика министрлиги эскертет, эгерде айыл-чарба өсүмдүктөрү бул талаптарга жооп бербесе жана документтер толук болбосо өнүмдөр ЕАЭБдин ыйгарым укуктуу органдары тарабынан ташуучуларга кайтарылып берилет же тартып алынат, ал эми аны ташып бара жаткандарга административдик чара көрүлөт.
Тиркеме 1
ТИЗМЕ
Аталышы | Код
ТН ВЭД ТС * |
Илимий изилдөөлөр максаттары үчүн кенелер, тирүү курт-кумурскалар | 0106 90 001 0 |
Пияз, вегетациялык мөөнөтүндөгү жаӊы жетилген же гүлдөгөн тамыры жемиш жашылчалардын түрлөрү ( көк пияз, шалгам…ж.б.) тамыры жемиш жашылчалар), өсүмдүктөр жана цикориянын тамыры, тамыры жемиш өсүмдүктөрдөн башка 1212 позициядагы өсүмдүктөр. |
0601 |
Башка өсүмдүктөр (анын ичинде алардын тамырлары) | 0602 (0602 90 100 0 тышкары) |
Букеттерди жасоо үчүн же декоративдик максатта колдонула турган жаңы үзүлгөн гүлдөр | 0603 11 000 0 – 0603 19 800 0 |
Букеттерди жасоо үчүн же декоративдик максатта колдонула турган кургатылган гүлдөр | из 0603 90 000 0 |
Рождество дарактары | 0604 91 200 0 |
Ийне жалбырактуу дарактардын бутактары | 0604 91 400 0 |
Букеттерди жасоо үчүн же декоративдик максатта колдонула турган өсүмдүктөрдүн гүлү жок бөлүгү, жалбырактары, чөптөр жаңы үзүлгөнү жана кургатылганы | из 0604 91 900 0
из 0604 99 100 0 |
Картофель свежий или охлажденный | 0701 |
Томаты свежие или охлажденные | 0702 00 000 |
Жаңы жана тоңдурулган пияз, сарымсак, порей пиязы | 0703 |
Жаңы жана тоңдурулган кочан капсутасы, түстүү капуста, кольраби, Brassica | 0704 |
Жаңы жана тоңдурулган салат-латук (Lactucasativa) жана цикорий (Cichoriumspp.) | 0705 |
Жаңы жана тоңдурулган сабиз, чамгыр, кызылча, сельдерей, редиска ж.б. | 0706 |
Жаңы жана тоңдурулган бадыраң, | 0707 00 |
Аарчылган жана аарчылбаган, жаңы жана тоңдурулган буурчактар | 0708 |
Жаңы жана тоңдурулган башка жашылчалар | 0709 |
Жүгөрү (Zeamaysvar. saccaharata) | 0712 90 110 0 |
Кургатылган, тазаланган, майдаланган жана майдаланбаган төө буурчактар | 0713 |
Маниок, маранта, салеп, жер алмуруту же топинамбур, таттуу картөшкө же батат, ошондой эле тутумунда жогорку крахмал жана инулин камтылган тамыры жемиш өсүмдүктөр, жаӊы, муздатылган же кургатылган же майда кесилген жер-жемиштер, сага пальмасынын өзөгү. |
из 0714 |
Жаңы же кургатылган, аарчылган же аарчылбаган, кабыгы менен жана кабыгы жок буурчактар. | 0802 |
Жаңы жана кургатылган банандар | 0803 00 |
Финики, инжир, банан, авокадо, гуайява, манго жана мангостан, гарциния | 0804 |
Жаңы же кургатылган цитрус жемиштери | 0805 |
Жаңы же кургатылган жүзүм | 0806 |
Жаңы коондор, дарбыз жана папайя | 0807 |
Жаңы алмалар, алмуруттар, айва | 0808 |
Жаңы абрикостор , алча, гилас, шабдаалы (нектарин), кара өрүк | 0809 |
Жаңы мөмөлөр | 0810 |
0801–0806 товарды позициядан тышкаркы кургатылган мөмөлөр; | 0813 |
Кофеини бар жана кофеини жок куурулбаган кофе | из 0901 11 000,
из 0901 12 000 |
Буудай | 1001 |
Кара буудай | 1002 00 000 0 |
Арпа | 1003 00 |
Сулу | 1004 00 000 0 |
Жүгөрү | 1005 |
Күрүч | 1006 |
Дан жүгөрүсү | 1007 00 |
Гречка | 1008 |
Буудай уну | 1101 00 |
Буудайдын жана башка дандардын уну | 1102 |
Кесек тартылган ун | 1103 |
1006 товардык позициядагы күрүчтөн сырткары кайра иштетилген, (мисалы, майдаланган, сечка түрүндө) | 1104 |
0713 товардык позициядагы кесек тартылган же кургатылган буурчактардан жасалган ундар | 1106 10 000 0 |
Куурулган же куурулбаган угут | 1107 |
Майдаланган же майдаланбаган соя буурчагы | 1201 00 |
Куурулган же куурулбаган, тазаланган же тазаланбаган жер жаңгак | 1202 |
Копра | 1203 00 000 0 |
Майдаланган жана майдаланбаган зыгыр даны | 1204 00 |
Майдаланган жана майдаланбаган рапса же кольза | 1205 |
Майдаланган жана майдаланбаган күн карама даны | 1206 00 |
Майдаланган жана майдаланбаган май берүүчү дандардын уруктары | 1207 |
Майда жана кесек тартылган май берүүчү дандардын уну, горчицадан сырткары | 1208 |
Себүү үчүн үрөн | 1209 |
Парфюмерияда, фармацевтикада колдонулган жаңы жана кургатылган, бүтүн жана майдаланган өсүмдүктөр жана алардын бөлүктөрү (анын ичинде үрөндөр жана жемиштер) | 1211 (1211 30 000 0, 1211 40 000 0 тышкары) |
Кант кызылчасы | 1212 91 |
Абрикос, шабдаалы (анын ичинде нектарин) кара өрүк данектери, цикорий тамырары
Cichoriumintybussativum |
1212 99 700 0 |
Майдаланган жана майдаланбаган, пресстелген саман жана дан өсүмдүктөрдүн сабактары | 1213 00 000 0 |
Брюквамангольд, тоюттар, чөп, беде, тоют капустасы, люпин, вика жана башка тоюттар |
1214 |
Бүтүн жана майдаланган, чийки жана куурулган какао-бобы | 1801 00 000 0 |
Какао | 1802 00 000 0 |
Улпактар, майдаланган жана майдаланбаган төө буурчактар | 2302 |
Майдаланган жана майдаланбаган, гранулданган күнжаралар | 2304 00 000 |
Майдаланган жана майдаланбаган, гранулданган жер жаңгак майын алууда пайда болгон күнжаралар | 2305 00 000 0 |
Топурактар жана грунт | 2530 90 980 0 |
Торф | 2703 00 000 0 |
Илимий-изилдөө максатында колдонулуучу фитопатогенндик тирүү бактериялар жана вирустар | 3002 90 500 0,
3002 90 900 0 |
Аралашкан же аралашпаган, химиялык жактан иштетилген же иштетилбеген малдын жана өсүмдүктүн калдыктарынан чыккан жер семирткичтер; аралашкан жер семирткичтер | 3101 00 000 0 |
Керртилген, жарылган жыгач отун
Ийне жалбырактуу дарактардын чамындысы Жалбырактуу дарактардын чамындысы Таарындылар |
4401 10 000
4401 21 000 0 4401 22 000 0 4401 30 |
Кабыгы менен же кабыгы жок, тиниген жыгач материалдары | 4403 (4403 10 000 тышкары) |
Жыгач, тилинген тактайлар, круалдар үчүн кармагычтарды жасоочу жыгачтар | 4404 |
Жыгач кабыгы | 1404 90 000 0,
4401 30 900 0 |
Темир жол жана трамвай жолдорунда үчүн жыгач шпаларлар | 4406 10 000 0 |
Токой материлдары, тилинге же узунунан жарылган, кабаттап бөлүнгөн же майдаланган, сүрүлгөн же сүрүлбөгөн, жалтыратылган же жалтыратылган эмес, бутак бар же жок, жоондугу 6 мм | 4407 |
Сырдалбаган жана башка антисептиктер менен боелбогон, тилинген же узунунан жарылган, кабаттап бөлүнгөн же майдаланган, сүрүлгөн же сүрүлбөгөн, жалтыратылган же жалтыратылган эмес жыгач материалдары | 4409 |
Ящиктер, таңгактоочу корзиналар, коробкалар, барабандар жанеа жыгачтан жасалган ушул сыяктуу идиштер өзүнчө декларацияланат | 4415 |
Сырдалбаган жана башка антисептиктер менен боелбогон опалубка | 4418 40 000 0 |
Зоология, ботаника боюнча коллекциялар | 9705 00 000 0 |