Респуликанын облустарында кылкандуу дан өсүмдүктөрүнүн оруп жыйноо иштери аяктоонун алдында турат. Өлкө боюнча буудай 248,8 миң га жыйналып, республиканын жыйналуучу аянтынын 99,4% түзгөн. Былтыркыдан 19,0 миң га төмөн. Ал эми арпа болсо 186,9 миң га жыйналып, 9,7 миң га өткөн жылдан жогору.
Эң жакшы түшүмдүүлүк Жалал-Абад облусунда
Арпа боюнча дагы Жалал-Абад облусу көп түшүм алган.
Жалпы республика боюнча кылкандуу дан эгиндеринин бункердик салмакта дүң жыйымы 1116,2 миң тонна болуп, былтыркы жылдыкынан 0,5 миң тоннага көп. Тактап айтканда, буудай 658,3 миң тонна алынып, өткөн жылга караганда 33,7 миң тоннага аз, арпа 457,9 миң тонна жыйналып, өткөн жылга салыштырмалуу 34,2 миң тоннага көп.
Талас облусу боюнча чанактуу дан өсүмдүктөрдү жыйноо 81,9% аяктады. Баардык түшүм 82,5 миң тонна болуп, былтыркы жылга караганда 5,2 миң тоннага көп.
Суу сактагычтары ишке даярдалууда
Азыркы учурда республиканын суу сактагычтарында суу топтоо иштери жүргүзүлүүдө. 2017-жылдын 1-октябрына карата суу сактагычтарда суунун көлөмү 420,6 млн. м3 түзүп, былтыркы жылдын ушул мезгилине карата 129,4 млн.м3 аз топтолгон.
Түшүмү аз эгиндер
2018-жылдын түшүмү үчүн күздүк дан эгиндерин себүү программасы 155,0 миң гектарды түзөт. Анын ичинен 142,3 миң га күздүк буудай, 12,8 миң га арпа себүү бекитилген. Үстүбүздөгү жылы күздүк айдап-себүүгө негизинен 31,1 миң тонна күздүк буудай үрөнү керектелсе анын 29,4 миң тоннасы топтолгон. Дагы 1,8 миң тонна жетпейт.
Мамлекеттик үрөн фондусунда дагы эгиндердин үрөндөрүнүн топтолгон көлөмү 0,5 миң тоннанын гана тегерегинде. Себеби көпчүлүк үрөнчүлүк чарбалардын карыздары жок болгондуктан, мамлекеттик үрөн фондусуна үрөн топтоо мүмкүнчүлүгү аз болууда. Ушул себептен жетпеген үрөндөрдү толуктоо үчүн көпчүлүк дыйкандар-фермерлер сертификатталбаган жана түшүмдүүлүгү төмөн үрөндөрдү себүүгө аргасыз болушууда.
Күздүк дан-эгиндерин себүүгө техникалар 90% даяр
Күздүк кылкандуу дан өсүмдүктөрүн себүү үчүн керектөлүүчү дизелдик отундун үчтөн бир бөлүгү топтолгон. Бүгүнкү күндө 10 миң тонна күйүүчү май алынып келинген. Ал эми автобензин 2,5 миң тонна, же 67,5 % камсыз болгон.
Дизелдик отундун 1 литрине болгон баа орточо 37,6 сом болсо, автобензиндин орточо баасы 36,1 сом болууда.
Наргиза Өмүрбек кызы