2016-жылга салыштырмалуу ченемдер 4 %га кыскарган. Мындан сырткары мамлекет айыл чарбасынын үч тармагына – мал-чарбачылык, өсүмдүк өстүрүү жана кайра иштетүү өнөр жайына субсидия түрүндө колдоо көрсөтөт.
2017-жылы жеңилдетилген насыя берүү үчүн 7 млрд сом субсидиялоо пландалууда.
Дыйкандарга насыя берүү маселеси учурда курч бойдон турууда, себеби бул тармак коркунучтардан аз корголуп, ага көп учурайт. Инвесторлор айыл-чарбага каражат сала беришпейт.
Карыздарын кайтарбагандыктан “кара тизмеге” түшкөндөрдү жеригилктүү банктар куулук кылууга мажбур кылышууда. Айрым дыйкандар паспорттогу маалыматтарын өзгөртүп, эски насыясын жабуу үчүн кайрадан насыя алышууда.