Бул тууралуу Экономика министрлигинин алдында инвестицияларды жана экспортту илгерилетүү боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Шумкарбек Адилбек уулу билдирди.
Бул дыйкандар үчүн абдан кубанычтуу кабар.
Ишкерликти колдоонун алкагында КРнын Өкмөтү тарабынан тиешелүү кадамдар жасалган. Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду ачылды, ал жактан дыйкандар айыл-чарба техникаларын алууга жеңилдетилген насыя ала алышат.
Демек, айыл-чарба техникаларынын баасы арзан жана жеткиликтүү болуп калат.
Жаңы компаниялар Бишкекте, Ошто жана Кара-Балтада ачылат.