Дыйкандар суук түшкүчө түшүм жыйноо менен алек, андан соң талааларын келерки жазга, айдап-себүү иштерине даярдашы керек. Бул дал азыркы бакта жер семирткичтерди себүү керек дегенди билдирет, ошондо топурак байып, борпоң болуп калат.
Дал ушул гумустар жана биоценоз топуракты тирүү организмге айландырат. Аларсыз топурак өсүмдүктөрдү азыктандыра албайт дагы сууну сиңирип алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырайт. Ошондуктан КРдагы өсүмдүк өстүрүү совет дооруна салыштырмалуу эки эсеге төмөндөгөн.
Мисалы, учурда Кыргызстандагы дыйкандардын айрымдары жер семирткичтерди жана пестициддерди ашыгы менен колдонуп, бул топурактын булгануусуна алып келген. Кээ бирлери болсо минералдык жер семирткичтерди алуу үчүн каражаттын аздыгынан улам жерлерин такыр эле арыктатып жиберген. Статистика көрсөткөндөй, топурактан пайдалуу заттарды алуу минимум 13% болгон.
Республиканын айыл-чарбасында жерлерди кайра бөлүштүрүү маселеси көпкө созулуп, натыйжада топурактын курамын жакшыртуу иштери токтоп калган.
Жерлердин түшүмдүүлүгүн жогорулатуу жана туруктуу түрдө топурактарда азыктандыруучу заттарды көп болуусу үчүн 2017–2020-жылдарга карата айыл чарба жерлеринин түшүмдүүлүгүн сактоо жана жогорулатуу концепциясы бекитилген. Бул Концепция жерди гана азыктандырбастан жер семирткичтерди канча себүү керектиги жана топуракка алардан зыян келбестиги тууралуу чараларды камтыйт.
Воронежден келген орусиялык адис Марина Жеребчикова Кыргызстанга Айыл-чарба тамак-аш өнөр-жайы жана мелиорация министрлигинин чакыруусу менен келген. Ал дыйкандарга канча көлөмдө жер семирткич себүү керектигин, топуракты даярдоону үйрөтүүдө.
Анын айтымында, түшүм алуу үчүн 3 тенденция бар:
1) бул же тигил айыл-чарба өсүмдүгүн өстүрүүдө идеалдуу шарттардын болуусу, бул учурда ал селекциялык болуп саналат;
Бул жерде айырма өтө чоң болот. Элита сортундагы дандар 80 ц/га болушу мүмкүн. Ал эми дыйкан болсо чындыгында эле 40 ц/га алат. Мисалы, ал жаратылыш жамгырына ишенген же жер семирткич сепкен эмес.
Учурда КРнын түштүгүндө дыйкандар ар бир гектарга 1 тоннадан селитра сээп жатканын айтып мактанып келишет! “Бул жердин абалын начарлатып, түшүмдүүлүктү азайтат”,-дейт Ленара Ниязбекова.
Марина Жеребчикова дыйкандарга минимум мыйзамын колдонууну сунуштайт. Аны немис химиги 1840-жылы Юстус фон Либих ойлоп тапкан, ошол учурдан тарта бул айыл-чарбадагы негиздердин бири болуп саналат. Либих тигил же бул химиялык кошулмаларды өсүмдүктүн жакшы өсүүсү үчүн кантип колдонуусу керектигин түшүнүп, минимум мыйзамын ойлоп тапкан.
Адистер дыйкандарга “Либих челектерин” элестетүүнү сунуштап келишет. Челекке толгон суу кичинекей тактай аркылуу төгүлүп калат дагы, башка узун тактайлар бул жерде мааниге ээ болбой калат. Ошондуктан ар бир өсүмдүк үчүн кыска тактай кайсы экенин аныкташы керек.
“Чакан жана орто бизнестеги ишкерлерди окутуу бул Айыл-чарба министрлигинин негизги милдети”,-деди Жеребчикова.
Учурда окумуштуулар тарабынан сунушталган жер семирткичтерди колдонуу боюнча иштер жүрүүдө. Бул демек ал жер семирткичтер өсүмдүктөрдүн бардык түрлөрүнө жарай берет дегенди билдирет.
Жер семирткичтердин тизмесин уланта берсек болот. Бирок дыйкандар аларга тааныш эмес жер семирткичтерди пайдалануудан коркушат. Анткени маалымат аз, жер семирткичтерди туура эмес пайдаланышып аз түшүм алгандарды көрүшкөн. Эгерде эрежелерди билсең – натыйжа жакшы болору көрүнүп турбайбы. Көбүнчө базардан арзан баада сатылып алынган жер семирткичтерди күнөөлөп келишет, алар болсо жасалма болгондуктан арзан турат! Айыл-чарба министрлиги сертификаты жок жана колдонуу эрежелери жазылбаган жер семирткичтерди сатып албоо керектигин эскертет.
“Биздин өлкө ЕАЭБ мүчөсү! Мындай ири рыноктун алкагында бизди багып жаткан жерге туура мамиле кылуу керек!”-деди Ленара Ниязбекова.
Ошондой эл эксперттер илимий коомчулук алдында минералдык формулаларды түзүү боюнча бир катар тапшырмалар бар экенин айтып келишет. Мамлекет болсо жер семирткичтердин баасын бир калыпта кармоону камсыз кылуусу керек.
Ирина Байрамукова