Эгер сиз єзїўїзгє дїкєн ачууну чечсеўиз анда кєп нерсени билип алышыўыз керек. Биринчиден — ал дїкєнгє эмне сатасыз.
Товарды тандоо – бул эў негизги жана олуттуу бєлїк, мындан сиздин келечектеги бизнесиўизди кєрсєўїз болот.
Базардагы ошол сиз сата турган нерсеге муктаждуулук кандай, ал атаандаштыкты кєтєрє алабы. Андан сырткары сиз ача турган дїкєндїн жайгашкан жери – сиз сата турган продукция ошол конкреттїї районго керекпи.
Сиз дїкєндї кайсыл жерге ачууну ойлонушуўуз керек. Туура тандалып ачылган тїйїн сиздин жарым жетишкендигиўиз деп эсептесе болот. Бул ишке олуттуу караўыз, товарлардын єтїшїн изилдеўиз, текшериўиз, сатып алуучуларга ыўгайлуу болобу ал жагын да караўыз.
Андан кийин аты-жєнї элге жакшы сапаты менен таанылып калган фирмалар менен иштешиўиз, алган продукциянын сапаты жана баасы кардарларды єзїнє тартаарын билип алыўыз.
Сиздин бизнесиўизге тандалган ар бир нерсе негизги ролду ойнойт. Андыктан ар бир товарга жоопкерчиликтїї мамиле кылыўыз. Эў мыкты товар ар кандай сындардан да коргойт.
Дїкєндї ачкандан кийин аны жарнамалашты да ойлонуўуз – жок дегенде дїкєндїн сыртында же ичинде жаўы ачылгандыгыўыздар тууралуу маалымат болушу шарт. Ушундай ыкма менен сиз кардарларды єзїўїзгє тарта аласыз.
Ар бир ачылган дїкєн їчїн мамлекеттик органдардын да уруксааты керек болот, мисалы, эгер эт сатчу жай ачсаўыз — санэпиднадзорго сєзсїз кайрылышыўыз керек.